Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:47

УЛУТТУК УНИВЕРСИТЕТТЕ РЕКТОРЛУККА ТАЛАПКЕРЛЕРДИН ЖАҢЖАЛЫ КҮЧӨП ЖАТАТ


Улуттук университеттин учурдагы ректордун милдетин аткаруучусун кызматтан бошотуу талабы менен ректорлукка ат салышып жаткан талапкерлердин тобу билим берүү, илим жана жаштар саясаты министрин сотко беришти. Муну ректордун милдетин аткаруучу административдик ресурсту колдонуп атаандаштарына бут тосуп жатат деп негиздешти. Анткени, окуу жайдын жетекчилигине талапкерлигин көрсөткөн төрт проректор кызматтан бошотулду.

Ректорлукка талапкерлердин бири Амангелди Бекбалаев университеттин ректорунун милдетин аткаруучу Рыспек Өмүрканов окуу жайдын жетекчиси болууга юридикалык да, моралдык да укугу жок деп эсептейт:

"Министр ректордун милдетин аткаруучу Рыспек Өмүркановду кызматтан четтетсин, анткени бул жерде мүмкүнчүлүктөрүбүз бирдей болбой жатат. Ал болгон административдик ресурстарын колдонуп, бизди куугунтука алып жатат. Ал эми жөнөкөй мугалимдерди айтпай эле коеюн. Ректордун милдетин аткаруучуга жаңы талапкер коюлушу керек", -дейт Амангелди Бекбалаев.

Мына ушул маселени чечүү үчүн талапкерлердин тобу министр Досбол Нур уулун сотко беришти. Бул иш боюнча арызды Биринчи май райондук соту 27-июлда карай баштайт.

Улуттук университетинин ректорун шайлоо боюнча атайын уюштуруу комитети түзүлүп, ал шайлоону 29-июнга белгилеген. Бирок шайлоого 3 күн калганда, уюштуруу комитети шайлоону башка мөөнөткө которгон. Улуттук университеттин жетекчилигине ат салышып жаткан талапкерлердин айтымында, бул учурдагы жетекчи Рыспек Өмүркановдун жеңишке жетишине шарт түзүү үчүн жасалган.

Административдик ресурстар колдонулуп жаткандыгына ректорлукка ат салышып жаткан төрт проректордун жана алардын тарапкерлеринин жөнү жок эле кызматтан алынышы күбөө болуп турат, дейт Университеттин мурунку проректору, ректорлукка талапкер Истамбек Атантаев: "Рыспек Өмүрканов проректорлорду төрткө чейин кыскартыш керек деп өзүнүн буйругу менен төрт проректорду жумуштан алып салды. Бизде кыскартуудан кийин төрт проректор иштеп жаткан. Эмне үчүн кыскартып жатасың десек, бизде “ректорат реорганизация” болуп жатат деп айтты. “Реорганизация” деген “кайра түзүү” дегенди түшүндүрөт эмеспи. Ошондуктан чынында эле “кайра түзүү” болуп жатса, анда бардыгы тең түпкүрүнөн өзгөрүшү керек да. Жөн эле сөз бойдон кала бербей".

Кыргыз өкмөтү тарабынан “Кыргыз улуттук университетинин ректорун шайлоону өткөрүүнүн эрежеси”тууралуу жобо бекитилген. Ага ылайык, шайлоо алдында кампаниянын жүрүшүндө талапкерлердин мүмкүнчүлүгүн жана укуктарын бирдей кылуу үчүн окуу жайдын жетекчилери жана башка жетекчилик орунду ээлеген талапкерлер кызматтан бошотулушу керек. Бирок бул тартипке карабастан учурда ректордун милдетин аткарып жаткан Рыспек Өмүрканов өз ордунда кала берүүдө, дейт Истамбек Атантаев:

"Бардык талапкерлердин укугу бирдей болушу керек, эч ким өзгөчөлөнбөшү керек деп жободо жазылган. Ал эми Рыспек Өмүрканов өзгөчөлөнүп, ректордун милдетин аткарып жатты. Өзүнүн болгон административдик ресурстарын колдонуп баштады. Ошого карабай, башка талапкерлер көбүрөөк добушка ээ боло баштаганда, ал эптеп-септеп ректорлук орунга жетейин деп уюштуруу комитетинин жардамы менен өтө турган кайра шайлоону буздурду", - деди Истамбек Атантаев.

Билим берүү министри Досбол Нур Өз кезегинде уулу “Азаттыка” сүйлөгөн сөзүндө мыйзамга каршы келе турган аракеттер болгон жок, деп билдирди:

"Сотко кайрылабыз десе, алардын укугу. Мында эч кандай административдик ресурс болгон жок. Минюсттан мага тастыкама келди. Бул жерде Рыспек Өмүрканов ректор эмес, ректордун милдетин гана аткаруучу деп. Ошондуктан жанагы жободо жазылган эреже ага тиешелүү эмес".

Министрдиктин билдиргенине караганда, ректорду шайлоонун кийинки мөөнөткө жылдырылышы техникалык гана себептерден улам болду: "Көп мугалимдер жайкы эс алууга кеткен экен. Эми аларды шайлоого катыштырбай койгон да болбойт да. Алардын шайлоого катышканга укугу бар",- дейт Досбол Нур уулу.

Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министрлиги ректорду шайлоо күз айларында болоорун билдирди.

Кыргыз улуттук университетинин жеткчилигине ат салышканга 11 талапкер катталган.
XS
SM
MD
LG