Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:22

ТАЖИК, ИРАН ЖАНА ООГАН ПРЕЗИДЕНТТЕРИ ПЕРСЧЕ КЕП КУРАТ


Ирандын президенти бүгүн Тажикстанга ырасмий сапар менен барат, эртең эки жетекчиге ооган президенти кошулат. 3 тараптуу саммитте өз ара соода-сатык, коопсуздукту бекемдөө маселелери сөз болмокчу. Маалыматтарга караганда, Махмуд Ахмадинежад, Хамид Карзай жана Эмомали Рахмонов перс тилдүү 3 өлкөнү бириктирген маданий байланыштарга да басым жасашат.

Былтыр августта Ирандын президенти болуп шайлангандан бери Махмуд Ахмадинежад Борбор Азияга биринчи ирет барып отурат. Кечээ ал сапарын Түркмөнстанда баштаган, бүгүн кечирээк Тажикстанга бармакчы. Ирандын президенти өз өлкөсүнүн тикелей салымы астында салынган Анзоб тешкен тоо, же туннель жолунун ачылышына катышат. Тегеран андан сырткары Тажикстанда Сангтуда ГЭСин курууга 180 млн доллар бөлгөн.

Дүйшөмбүлүк саясий серепчи Исмоли Рахматов Ирандын президентинин сапары эки өлкө ортосундагы кызматташтык жаңы деңгээлге көтөрүлүп жаткан маалга туш келгенин айтат.

- Тажикстан менен Ирандын ортосундагы кызматташтык соңку кездери көтөрүлүү үстүндө. Ирандыктар тоону тешип, Анзоб туннелин курушту. Андан сырткары Сангтуда ГЭСин салуу, бир катар жолдорду куруу ниетин билдирүүдө. Ирандык чакан компаниялар бул жакка келип, тажик товарларын чыгарып жатышат. Ушу тапта Тажикстан үчүн Иран эң башкы инвесторго айланды десек болот.

Иран Тажикстан көз карандысыздык алган күндөн тарта бул өлкөгө кызыгуусун көрсөтүп келатат. Тажикстандагы согуш маалында Тегеран коңшусуна такай финансылык жана башка жардамын көрсөтүп келди. Ошол эле маалда тажик өкмөтүнө каршы урушкан исламчыл кыймылдын жетекчилерине кийин башпаана берип калкалап калды.

Ирандын Тажикстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Насер Парса президент Ахмадинежаддын ырасмий сапары туурасында буларды билдирди.

- Ирандын президенти тажик кесиптеши менен жабык жана ырасмий жолугушуулар өткөрөт. Эки жетекчиге Ооганстандын президенти Хамид Карзай кошулгандан кийин үч тараптуу маселелер талкууланып, кеминде 5 документке кол коюлаары күтүлүүдө.

Ооган президенти Иран менен Тажикстандын жетекчилерине шаршембиде кошулат. Тажикстан ушу тапта Ооганстанга электр экспорттоп жаткан кез, ырасмий Дүйшөмбү тараткан маалыматта 3 жетекчи энергетикалык алакаларды кеңейтип, чөлкөмдөгү коопсуздукту талкуулап, глобалдык коркунучтардан коргонуу жолдорун сөз кылаары айтылат.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG