Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:32

ВЕНЕСУЭЛАНЫН ПРЕЗИДЕНТИ КУРАЛ-ЖАРАК САТЫП АЛУУ МАКСАТ МЕНЕН ОРУСИЯГА КЕЛДИ


Бүгүн эртең менен Венесуэланын президенти Уго Чавес Ижевскиде болуп андан кийин Москвага келет. Кечөө анын Орусияда ырасмий иш сапары Волгоград обулусунан башталган. Ал жерде губернатор Николай Максюта менен андан соң «Лукойл» компаниясынын жетекчис Вагит Аликперов менен жолугушкан. Бүгүн Венесуэланын президенти орусиялык жетекчилик менен жолугушмакчы.

Уго Чавестин келишин териштирген анализчилер оозунда эки омоктуу пикир бар. Биринчиси - орусиялык курал-жарактын Каракаска коюлушу. Экинчиси - газ менен карамайдын башка өлкөлөргө чыгарылышы болууда.

Орусиянын коргоо министри Сергей Иванов кеткен аптада:«Венесуэлага 30 Су-30 тибиндеги истребител, 30 тик учма сатыш үчүн Орусия келишим түздү. Ал келишимдин негизинде өлкө 1 миллиарддан ашуун доллар киреше табат», - деген эле.

Июн айында Каракаста өткөн орусиялык куралдуу күчтөр көргөзмөсү үстүндө «Орусиянын коргонуу боюнча экспорту» Венесуэла жумуриятына Калашников автоматын ок дарысы менен чыгаруучу эки соот куруп берүү келишимин да түзүп келген. Сооттор курулганда анын ар бири жылына 25 миң автомат мынтыгын чыгаруучу болот дешет.

Бул келишимге жетишкенге дейре эле, так айтканда, 2005-жылдын май айында Каракас бийлиги Орусиядан 100 миң Калашников автоматын сатып алуу үчүн макулдукка жетишкен. Анын 30 миң даанасын үстүдө жылы 14-июнда жеткирилип, аны президент Чавес өз колу менен венесуэлалык аскерлерге таратып берүү болгон.

ИНТЕРФАКС жазганга караганда «Венесуэлага азыр «Амур» тибиндеги суунун асты менен жүрүүчү согуштук кемелер, жээкти кайтаруу үчүн курулган «Мираж» кемелери жана аткан огу 7 чакырымдан 130 чакырымга дейре алыс тийүүчү ракеталык комплексттер сатылат».

Анализчилер оозунда эки мамлекетти жакын кылган үч кызыкчылык бар. Андай кызыкчылык согуштук, экономикалык жана саясий чөйрөдө дешет.

Полковник Чавестин саясий тиректи Кремлден издешин орусиялык эксперт Эмил Дабагян мындайча чечмеледи:

«Ал Беларусияга барды. Ал ошону менен Кошмо Штаттарынын саясатына каршы кыр көргөзүү жасады», - дейт РАН латынамерикалык институтунун кызматкери.

Баса, Чавестин саясаттагы алган жолун ким болбосун анын Минскиде 24-июлда жолугушуу үстүндө Лукашенкого кайрылып айткан кебинен байкады көрүнөт:

«Мен сизди куттуктагым келет. Эмне дегенде жанакы «түстүү ыңкылап» дегенди оңой жеңип жок кылдыңыз! Венесуэлада да ага окшогон аракеттерди жасоодо. Мен да алардын сазайын колуна берип, тебейлеп салып атамын! Элдин эрки, элдин мыйзамы баарысын жеңет!», - деген Венесуэла жумуриятынын лидери.

Венесуэла жумуриятынын лидеринин бул жолку сапары Беларусия, Орусиядан ары эми Иран, Катар, Вьетнам жана Мали болот экен.


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы

XS
SM
MD
LG