Премьер-министр Малики менен өткөн кездешүүдөн кийинки пресс-конференцияда Жорж Буш Багдадда тынбай кан төгүлүп жатканын мойнуна алды:
- Ырасында эле, Багдадда абал өтө оор болгондуктан, ал жерге дагы кошумча күчтөрдү жөнөтүү зарыл. Түз айтканда, командирлер: “Биз мындан артык эмне кыла алабыз? Жагдайды кантип жакшыртабыз?” дешүүдө. Алардын сунушуна ылайык, ошондой эле премьер-министр менен болгон масилeттин натыйжасында жана анын сунушуна таянып, Багдаддагы америкалык аскерлердин санын көбөйтөлү деп чечтик.
Буштун айтымында, Ирактын башка бөлүктүрүндөгү кырдаал оңолуп калды. Андыктан, Багдадга кошумча күчтөр сырттан киргизилбейт, жакынкы жумаларда өлкө ичинен эле тартылат.
АКШга биринчи жолу ырасмий сапарга келген премьер-министр Малики өз кезегинде өлкөдөгү козголоңду жана шиит-сунни чатагын басууга бекем бел байлаганын айтты:
-Биз Иракта коопсуздук жана аскерий институттарды куруп, аларды тийиштүү күч, каруу жарак менен камсыздайлы; бул өлкөдөгү тынчтыкка, коопсуздукту бекемдөөгө жана террорчулукту жеңүүгө негиз болот деп чечтик. Буштун көңүлүн Ирак эл аралык коомчулук жана Кошмо Штаттары менен кызматташуусу зарыл экенине бурдум.
Буш ошондой эле Иракта жана АКШда америкалык аскерлерди Ирактан мүмкүн болушунча тез чыгарып кетүү талабы күчтүү экенин, бирок ирактыктар өз коопсуздугун камсыздоого жарамдуу болмоюнча, аскерлер өлкөдө кала берээрин ырастады.
АКШ менен Ирак жетекчилери Ливан маселесинде эки башка көз карашта.
Малики Израилдин Ливандын маанилүү чарбалык обьектилерин бомбалоосун сындап, ок атууларды тезинен токтотууга чакырды. Буш, анын администрациясы урушту биротоло токтотууну жактаарын кайталады:
-Биз аймактагы тополоңго түрткү болгон маселенин үстүнөн иштөөнү каалайбыз. Ошондуктан, биздин миссиябыз жана максатыбыз кыска мөөнөттүк эмес, узакка созулган тынчтыкка жетишүү.