АКШнын Мамкатчысы Райс айымдын сөзү менен айтканда, Рим жыйыны өз ара ишенимге жетишүү чакырыгы менен гана чектелди:
-Биз баарыбыз урушту токтотуу үчүн бар аракетибизди жасайлы деп өзүбүзгө милдеттенме алдык. Анын натыйжасында Ливан өкмөтү келечекте бүтүндөй өлкөнү контролдоп калмакчы. Бул абдан маанилүү. Мен береги жыйында көп жолу уккандай, биз кайрадан status quo ante абалына барбашыбыз керек.
Кондолиза Райс айымга катар турган Ливандын премьер-министрии Фауд Синиора конференцияга ичи жылыбаганын жашырбады:
-Биз уруштун токтотулушун, токтоосуз токтотулушун каалаганбыз. Бул маселе жыйында өтө кеңири талкууланды деп ойлойм. Биз бар проблемаларды жөнгө салуу боюнча айрым оң жылыштарды жасадык, бирок биз күткөндөй болбоду.
Фауд Синиора андан ары Ливандын түштүгүн Израил баскынчылыганан бошотуудагы “Хезболланын” эмгегин баса көрсөтүп, уюм азыр Ливан өкмөтүнүн мыйзамдуу мүчөсү экенине көңүл бурду. Шебаа фермасы деп аталган аймак Ливандын жери экенин айтып, Изарилдин ал аймактан чыгып күтүүсүн жана ливандык саясый туткундарды бошотуусун талап кылды.
Ливан жаңжалы “Хезболла” эки жума мурда Израилдин территориясына кирип, эки жөөт аскерин туткундап кеткенден кийин башталган.
БУУнун башкатчысы Кофи Аннан өз сөзүндө Ливан калабасы региондогу өлкөлөрдүн, анын ичинде Римдеги жыйынга чакырылбай калган Сирия менен Ирандын катышуусуз чечилбесин белгиледи:
- Абалды жөндөөдө биздин региондогу өлкөлөр менен иштегенибиз маанилүү. Бул ишке Иран менен Сирия да тартылыш керек.
Ливандын түштүгүндөгү кырдаалды калыпташтыруу үчүн көп улуттуу күчтөрдү түзүү зарылдыгына Римдеги жыйынга катышкан бардык тараптар макул келишти. АКШнын Мамкатчысынын айтымында, бул күчтөр Улуттар Уюмунун мандаты астында болот. Бирок, аскерлердин Ливанга качан киргизилeри жана курамы азырынча белгисиз.