1876-жылдын бул күнү Фергана аскер губернатору генерал-майор М. Д. Скобелев Курманжан датканын уулу Абдылдабекке экинчи катын жөнөткөн. Генерал Скобелев Абдылдабектин өз ыктыяры менен келип, бийликке моюн сунушун талап кылат жана ал өзүнө жакшылык тилесе жарашууга жиберилген Шабдан жана Ташбала менен бирге келиш керектиги айтылат.
Скобелевдин каты кескин формада жазылып, ал түгүл генерал “мен бул темага кара кайрылып, сизге дагы да түшүндүрүп отургум келбейт”,-деп мамилеге чекит койгон.
Фергана аскер губернатору генерал-майор М. Д. Скобелевдин 1876-жылдын июль айындагы Алай чапкыны туурасындагы рапортунда, согуш аракети жана мындагы саясий кырдаал кең-кесири кабарланат. Анын жазганына караганда, 27-июлда орус отряды Софикоргондо түнөп, Абдылдабекке анын иниси Хасанбек жөнөтүлгөн. Акыркы адам бир күн мурда Шабдан баатырдын иниси Байбосундун ортомчулдугу менен Шатыда башталган сүйлөшүүгө катышууга келген.
1919-жылдын 27-июлунда Пишпек уезддик бийлиги шаардыктарга “Совет бийлиги жакында кулайт” деген ушак таратпагыла деп буйрук берди. Мындан тышкары, бийлик шаардын үстүнөн кресттүү кара самолеттун учушу жана Түркстан Республикасынын большевик жетекчилери качты деген кептин токтотулушун талап кылган.
1922-жылдын бул күнү Түркстан Республикасынын негизги органы “Туркестанская правда” гезити пишпектик “Красное утро” гезитин чөлкөмдөгү эң начар маалымдоо каражаты деп атады. Республикалык гезитте шаардык маалымдоо каражаты жалаң бай-нэпмандар жөнүндө жазып, кедей-кембагалдарды унутта калтыргандыгы белгиленет. Шаардык гезиттин жалаң маданий темага байланышкан ыр, сатираларды жарыялап жатышы борбордук органга жаккан эмес.
Бул күнү, 1953-жылы Вьетнам экиге бөлүнүп, 1881-жылы немец биохимиги Фишер Ханс Эйген, 1911-жылы совет чалгынчысы Николай Кузнецов, 1970-жылы ырчы Женифер Лопес жарык дүйнөгө келген.
Муратбек Кожобеков