Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:58

ФЕЛИКС КУЛОВ БИЙЛИКТЕ ТУРГАНЫНАН ПАЙДАЛАНЫП, САЯСИЙ ЫСМЫН ЧУУЛГАНДУУ ИШТЕРДЕН ТАЗАЛООДО


Курал сатуу боюнча мурда козголгон кылмыш ишти аягына чыгаруу өтүнүчү менен премьер-министр Феликс Кулов башкы прокуратурага кайрылды. Өкмөт башчынын мындай кайрылуусуна аскерий күчтөрдө курал-жарактардын жетишсиздиги мурда алардын мыйзамсыз сатылышынан улам болууда деген пикирлердин күчөтүлүшү себеп болду. Премьер-министрдин мындай өтүнүчү коомчулукта ар кыл пикирлерди жаратты. Бири мындай кадам бул ишти аягына чыгаруу үчүн жасалып жатат десе, экинчилери Феликс Кулов мындай өтүнүч менен өзүнүн жеке кызыкчылыгын көздөп жатат деген пикирде.

Өкмөт башчы Феликс Куловдун өтүнүч каты баш прокуратурадан аскер прокуратурасына тапшырылды. Бирок бул маселе качан карала баштай турганыгы тууралуу аскер прокуратурасы так маалымат берген жок.

Премьер-министр Феликс Куловдун бул маселени аягына чейин карап берүү өтүнүчү бир гана максатты - ошол ишти аягына чыгарып, анын жыйынтыгын коомчулукка жарыялоону көздөөрүн “Арнамыс” партиясынын төрагасы Эмил Алиев “Азаттыка” сүйлөгөн сөзүндө билдирди:

-Кээ бир саясатчылар Феликс Куловду жаман көрүп, ушуну көзүр кылып жөн эле жалаа менен соголу деп жатышат. Азыркы бийликтин башында турган Бакиевге жакындайын деп, Куловду жамандап, экөөнүн ортосуна чок ыргытып жатышат,- деди Эмил Алиев.


Вице-президент болуп турган кезде Феликс Кулов “Канат” долбоорунун куратору болгон. Аталган долбоордун алкагында курал-жарактар сатылган. Кийинчирээк Феликс Кулов оппозицияга өткөндө анын мойнуна тагылган айыптардын ичинде курал-жарактарды мыйзамсыз сатты деген кине да коюлган. Ошол кезде эле бул иш боюнча башкы прокуратура иликтөө жүргүзүп, ишти токтотуп койгон.

Феликс Кулов Тажикстанда жарандык согуш болуп аткан кезде Калашников маркасындагы 150 автоматты сатып жиберген деген кине коюлган. 2000-жылы “Независимая газета” басылмасында жарыяланган интервьюсунда Феликс Кулов куралдардын сатылышы президент Аскар Акаевдин Тажкистанга курал менен жардам бергиле деген буйругунун негизинде болгонун айткан.

Аскар Акаевдин адвокаты Акин Токталиев өкмөт башчы өзүн күнөөлү эмес деп эсептесе, биринчи ирeт башкы прокуратурага эмес, экс-президент Аскар Акевди сотко бериши керек эле деген пикирин билдирди. Анткени куралдарды сатууга президенттин жана вице-президент тин гана укугу бар эле:

-Кулов күнөм жок десе, Акаевдин бийлигин, анын өзүн да Акаевдин түртмөсү менен жасалган деп сотко бериши керек эле. Эгерде сотко бербесе, анда ал бир жерде өзү күнөөлү,-дейт Акин Токталиев.

Акыркы мезгилде өлкөнүн куралдуу күчтөрүндө курал-жарактардын жетишсиздиги эски бийлик учурунда вице-президент тарабынан куралдардын мыйзамсыз сатылгандыгынан болууда деген сын-пикирлер жарыялана баштады. Башкы прокуратуранын басма-сөз катчысы Токтогул Какчекеевдин пикиринде, Феликс Кулов ушундай каралоо пикирлер айтыла баштагандан кийин, эл алдында эч кандай күнөөсү жок экендигин далилдеш үчүн башкы прокуратурага кайрылды:

-Феликс Кулов күнөөсү жок эле жаманатта калбайын деп, келечектеги саясий ишине ушундай сөздөр, пикирлер кандайдыр бир таасир тийгизип калбасын, саясий тазалыка келейин деген ниетте жасады , - дейт Токтогул Какчекеев .

Ошентсе да коомчулукта Феликс Кулов мындай өтүнүчү менен жеке кызыкчылыгын көздөп жатат деген пикирлер да жок эмес. Маселен Жогорку Кеңештин депутаты Султан Урманаев өкмөт башчынын курал-жарактардын сатылышына байланыштуу өтүнүчүн өзүн актап жатат деп эсептейт:

-Баары бийликке келип алып актана башташат. Ал өзүн актап,кийин президенттикке чыгып калса, кийинки мансабына жол ачып жатат,-деди Султан Урманаев.

Ал эми ошол кезде коопсуздук тармагында жетекчилик кызматтарда тургандарга кайрылганыбызда, алар бул маселе боюнча кандайдыр бир комментарий берүүнү ылайык көрүшкөн жок.

Мээрим Султангазы

XS
SM
MD
LG