Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:55

РЕКТОРЛУККА ТАЛАПКЕРЛЕР ЭМИ СОТТОШУУДА


Кыргыз Улуттук университетиндеги ректор шайлоо боюнча чыр сотко дейре жетип, Биринчи май райондук соту окуу жайдын башчылыгына ат салышып жаткан талапкерлердин арызын карай баштады. Талапкерлердин тобу сотко дагы бир талапкер, ректордун милдетин аткаруучу Рысбек Өмүркановду кызматынан четтетүү тууралуу арыз менен кайрылышкан. Алар муну шайлоо процедуралары одоно түрдө бузулуп жатканы менен негиздешүүдө.

Ректорлукка талапкерлер «Улуттук университеттин ректорун шайлоо боюнча» өкмөт бекиткен жобого ылайык, бардык талапкерлердин укугу бирдей болушу керектигин, бирок бул эреже сакталбай, шайлоо процедуралары бузулуп жатканын айтышууда. Алар негизинен дагы бир талапкер, азыр ректордун милдетин аткарып жаткан Рысбек Өмүркановду кызматтан четтетүү талабын койушууда. Бул маселе боюнча билим берүү министрине дейре кайрылып, акыры майнап чыкпаган соң сотко кайрылууга аргасыз болдук, дейт талапкерлердин бири Жанат Жаманкулов.

- Шайлоо жобосу боюнча өнөктүк учурунда университеттин жетекчиси кызматын таштап, тең укуктуулук сакталышы керек. Бул маселе чечилбегендиктен адегенде уюштуруу комитетине, министрге чейин кайрылдык. Бирок маселе чечилбеди. Акыры шайлоо процедуралары бузулуп жатат деп сотко кайрылганга аргасыз болдук.

Дагы бир талапкер Амангелди Бекбалаев ректордун милдетин аткарып жаткан Өмүрканов админстративдик ресурсту пайдаланып, проректорлорду негизсиз кызматынан бошотуп жатканын айтат:

- Шайлоо өнөктүгү башталгандан эле акыйкат болбоду. Уюштуруу комитетине милдет аткаруучу ректордун кишилерин киргизилди. Шайлоо күнүнө үч күн калганда шайлоону себепсиз эле которуп койду. Жанагы дүйнө чемпионаты болуп атып, анан финалга жеткенде күздө болот, баарыңар кете бергиле дегендей болуп калды. Ошентип шайлоо күзгө жылдырылып, ага да макул болдук. Бирок, милдет аткаруучу Өмүрканов админстративдик ресурсту аябай колдонуп жатат. Өзүн колдобогондорду кызматтан негизсиз эле бошотуп жатат.

Ал эми проректорлук кызматтан бошоп калган Истамбек Атантаев кыматтан бошоп калышын Өмүркановдун шайлоо штабын жетектөөдөн баш тарканынан көрөт:

- Төрт проректорду жумуштан бошотуп койду. Эмне үчүн десек реорганизация болушу керек дейт. Бирок эч кандай реорганизация болгон жок. Ал үчүн адегенде комиссия түзүлүшү керек. Рысбек Өмүрканов мага шайлоо штабын жетектеп берүүнү сунуштаган эле. Мен андан баш тарттым. Анан шайлоо күзгө которулган соң андай болсо мындай деп бизди бошотуп салды.

Билим берүү министри Досбол Нур уулу болсо «Азаттыкка» сүйлөгөн сөзүндө мындай дооматтарды четке какты:


- Эч кандай админстративдик ресурс колдонулган жок. Уюштуруу комитети юстиция министрлигине кат жолдогон ушундай талаш болуп атат, милдет аткаруучу ордунда калышы керекпи, жокпу деп. Юстиция министрлиги ал ректор эмес, убактылуу милдет аткаруучу, шайлоо жобосунун ага тиешеси жок деген тастыктама берген.

Ректорлукка талапкерлердин арызын карап баштаган сот шайлоону уюштуруу боюнча комитеттин ишке тиешелүү айрым материалдары керек болгондугуна байланыштуу арызды кароону кийинкиге жылдырды. Сот ишти кароону эмки айдын сегизинде улантат.

Шайырбек Эркин уулу, Бишкек

XS
SM
MD
LG