Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:32

ӨЗБЕК ОППОЗИЦИЯСЫ АКШны ПРЕЗИДЕНТ КАРИМОВКО КАРШЫ САНКЦИЯ ЖАРЫЯЛООГО ЧАКЫРДЫ


Өзбекстанда каттоодон өтпөгөн “Эрк” партиясынын куугунттуктагы лидери Мухаммад Солих америкалык мыйзамчыларды өзбек президенти Ислам Каримовко каршы санкцияларды киргизүүгө чакырды. Мына ушундай эле санкциялар Беларуска жана президент Александр Лукашенконун режимине каршы киргизилген. Анткени Солихтин ишениминде, президент Каримов ушул өңдүү чет-элдик санкциялардан чочулап турат.

Мухаммад Солих менен бирге Өзбекстандагы “Күнөстүү Өзбекстан” оппозициялык партиясынын камактагы лидери Санжар Умаровдун уулу Гуламбек Умаров жана “Бирлик” партиясынын куугунттуктагы жетекчиси Абдурахим Полат да бар болчу. Алар америкалык Хельсинки комиссиясына келип кетишти.

- Биздин оюбузча, Батыш өзбек президентине беларусиялык президент Лукашенкого каршы киргизген санкциялардын ондон бирин да колдонгон жок. Эгерде Лукашенконун режимин Чехиянын мурдагы президенти Вацлав Гавелдики менен салыштырсаңыз, албетте Лукашенко автократ болуп көрүнөт. Эгер Лукашенкону Каримов менен салыштырса, беларус лидери демократ болуп эле калат, - деди дүйшөмбүдө Вашингтондо сүйлөгөн сөзүндө “Эрк” партиясынын лидери Мухаммад Солих.

Анын ишениминде, непада Каримовдун өкмөтүнө каршы санкция жарыяланып калса, анда өлкөдөгү кырдаал такыр өзгөрмөк.

Ал эми бир күндөн кийин укук коргоочу Солих Хельсинки тобунун америкалык бөлүмүндө сүйлөп, Кошмо Штаттары Өзбекстанга карата мамилесин өзгөртүш керек деп билдирди:

- Батыш Өзбекстанда эч нерсе деле жоготкон жок, анткени саясий да, экономикалык да, аскерий да жааттарда көзгө илинерлик эч нерсе болгон эмес, деп, мен бул жактагы досторумду көп камтама болбоого чакыргым келет.

Бирок Карнеги корунун өкүлү Марта Брилл Олкотт АКШнын тышкы саясатында азырынча Ташкенге карата чукул кадамдар көрүлбөй эле турганы туура болмок деп эсептегендерден. Анткени Каримов ансыз деле АКШдан жана Евробиримдиктен жеке өзүнө каршы боло турган чаралардан өзүн жакшы эле коргоп алган деп эсетпейт ал.

- Азырынча 67 эле жаштагы Каримов картайып калганча бийликтен кетпейт, ошондуктан АКШ үчүн өзбек өкмөтү менен иштешпей туруп, маалымат каражаттары жана билим берүү аркылуу өзбек калкын процесске аралаштыра берген оң болот,- дейт Олкотт айым.

“Күнөстүү Өзбекстан” оппозициялык партиясынын ушу тапта камактагы лидери Санжар Умаровдун уулу Гуламбек Умаров “качан Каримовдун режими кулайт экен” деп эле олтура бербестен, абалды өзгөртүү үчүн азыркы режим менен Өзбекстанды реформалоо жөнүндө сүйлөшүүлөрдү өткөрүш керек деп эсептейт. Ошол эле учурда, бул өңдүү сүйлөшүүлөрдү баштоо да канчалык кыйын экенин биле турганын кошумчалайт ал.

Ал эми “Бирлик” партиясынын лидери Абдурахим Полаттын айткандарына караганда, ушу тапта өзбекстандык демократиялык кыймылдын өзүндө да ынтымак жок окшойт.

Төрөкул Дооров, Прага

XS
SM
MD
LG