БИШКЕК. Кыргызстан жарындарына символикасы оңдолгон жаңы паспорттор ушул жылдын ноябрь айынан тарта бериле баштайт. Бул тууралуу Маалыматты ресурстар жана технологиялар боюнча мамлекеттик агеннттиктин башчысы Амангелди Кенжетаев билдирди. Анын айтымында, буга чейин Кыргызстанда 279 миң адамга символикасы бузулган паспорт берилип, анын ичинде 100 миңге жакын атуул чет мамлекеттерге чыгып келди. Азырынча бир да өлкө тарабынан кыргыз паспорту эл аралык стандарттарга жооп бербейт деген сын пикир айтыла элек.