Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:04

АЛТЫН ЖЫЛАН, МЫЙЗАМДАГЫ КОРБАШЫ, АДЫЛ-ПАСПОРТ, БАЯГЫ ЭЛЕ ТИЛ


Таластын Талдыбулагынан узундугу беш метрге жакын жылан чыкканын жергиликтүү эл аны ар кандай жоруп атканын 28-июль күнкү жарык көргөн “Кыргыз туусу” жазды. Ушул эле гезит Соңкөлдө эларалык фестиваль башталганын, өлкө президенти К.Бакиев мамлекеттик бир катар чиновниктер менен кеңешме өткөргөнүн, анда электр энергиясындагы бөлүштүрүүчү компанияларды сарамжал жана сабаттуу кожоюндардын ээлигине берүү керектигин маалымдайт.

“Новый Кыргызстан” гезити бүгүнкү санында Бишкек шаардык соту кийинки жумада ЖК депутаты Тынычбек Акматбаевдин 31-колониядагы каргашалуу өлүмүнө байланышкан сот иши аягына чыгаарын, ал боюнча 39 адам күнөөгө жыгылып атканын, мыкчыгери мыйзамдагы корбашы Азиз Батукаевге каралоочу прокурор эң жогорку жаза сураганын кабарлайт.

“Эркин Тоо” гезити Бишкектин көчөлөрүндө милийсалар тарабынан паспорт текшерүү күчөгөнүн, мындай иш чара диний экстремизмге каршы жүргүзүлүп аткан алдын алуу иштери экендигин жазат. Ошол эле учурда Жалалабаттын Сузагынан кыргыз паспортун жасаган “өндүрүштүн” бети ачылганын, аны айылдык эле шумпай Адыл деген жасай салып, ар бир паспортту 350 доллардан пулдап жүргөнүн жар салган.

“МСН” гезитинин “Суббота” аттуу тиркемеси Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулунун президент К. Бакиев менен мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссия төрагасы Ташбоо Жумагуловго кайрылганын, кайрылуусунда мамлекеттик кызматта иштеген тили буруулардын кимде- кими мамлекеттик тилде иш жүргүзгөнгө жарай алса анда алардын айлык акыларына дагы үстөк кошуп берүүнү сураган. Турсунбай Бакир уулу ошондой эле Кыргызстандын 75 пайызын кыргыздар түзгөн мекеме-ишканаларда иш кагаздарын 2007-жылдан баштап мамлекеттик тилге өткөрүү керек деп эсептейт. Ошол эле учурда ушул макаланын автору Елена Скородумова акыйкатчынын бул идеялары оңой эле ишке аша коюшунан күмөн санап, иш кагаздарын кыргыз тилинде жүргүзөбүз дегендин айынан өткөн жылы Орусияга 25 миң орус тилдүүлөр көчө качканын, ал эми үстүбүздөгү жылы кетем деп арыз бергендердин саны 60 миңге жеткенин эсептеп берген.

Ал эми Орусия мамдумасынын депутаты В. Жириновскийге Ысыккөл аябай жаккандыгын бүгүн башын жаздыктан өйдө кылган гезиттердин баары жетиналбай жазып чыкты. Мейманга айрыкча Табылдынын “Максым Шоросу” менен “Саяк кымызы” катуу жагыптыр.

Гезиттерден баяндаган Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG