Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:39

НИКОЛАЙ ТАНАЕВ ОРУСИЯДА КӨК ТИРЕГЕН ҮЙ КУРАТ


Айрым орусиялык маалымат каражаттары Кыргызстандын мурдагы өкмөт башчысы Николай Танаевдин Петербургдагы ири курулуш компаниясына жетекчи болуп дайындалганын жазып чыкты.

Орусиялык «Деловой Петербург» гезитинин ырасташынча, Николай Танаев «Газпром Инвест» компаниясына жетекчи болуп дайындалды. Өткөн жылдын май айында каттоодон өткөн бул компания Петербург шаарында «Газпром Сити» долбоорун ишке ашырмакчы. Ага ылайык Орусиянын түндүк борборунда Москвадан кем калбаган көк тиреген бийик үй - 300 метрлик «небоскреб» куруу болжолдонууда.

Жаңы иштин башында турчу Николай Танаев кыйла жылдар Кыргызстанда турак жай, өнөр жай курулуштарын башкарып келген адис. 2003-жылы ал өкмөт башчылыгына дайындалып, 2005-жылдын 24-мартындагы бийлик алмашуусунан соң кызматын таштап кетүүгө мажбур болгон.

Н.Танаев 2-апрелде жаңы бийликтин өкүлдөрү менен экс-президент А.Акаевдин Москвадагы сүйлөшүүлөрүнө катышкан.

2005-жылдын 30-майында Кыргызстандын Башкы прокурору Азимбек Бекназаров финансылык көз боемочулуктары үчүн Н.Танаевди камакка алууга уруксат берген. Экс-премьерге Бишкектеги административдик-маданий борбордун курулушуна деп өзүнүн уулу жетектеген «Бишкеккурулуш» компаниясына бир миллион долларга жакын каражатты которуп берген деп күнөө коюлган.

24-марттагы элдик ыңкылаптан кийин Орусияга кеткен экс-премьер Башкы прокурор Азимбек Бекназаровдун убадасына ишенип, 22-августа Кыргызстанга кайтып келген, тергөөчүнүн сурагына жооп берүүгө макул болгон. Бирок, 6-сентябрда Казакстанга жашырын чыгып бараткан жерде чек арадан кармалып, коопсуздук кызматынын камагына алынган.

8 саат коопсуздук кызматынын камагында жаткан Н.Танаевди прокуратура парламент депутаттарынын кепилдигин алып, сыртка чыкпоо тууралуу тилкатын алып бошоткон. Андан аз өтпөй дарыланганы Москвага кеткен. Ушу тапта узак убакыт учакта жүрө албасын айтып, Орусиядан келгиси келбеген экс-премьер эми минтип жаңы кызматка дайындалып отурат. Бул жактагы чуулгандуу ишинен коркуп из жашырып Орусиядан башкалканч таап Кыргызстанга келбей коюу, башкалаадан жылуу жай таап алуу жосуну социализм заманынан калган, аны эгемендик тушунда Г.Кузнецов, Б.Глушко, Б.Силаев сындуу чиновниктер улантышкан.

- Эми качышты. Биздин комиссия, коррупция, бул кылмыш тобу канчалык терең, канчалык чоң, кантип тамыр жайып, кеңейип кеткенин баалап, саясий баасын берет. Жаңы бийликке, бизден кийин келчү бийликке, элибизге бул сабак болушу керек,- дейт 1-вице-премьер-министр Данияр Үсөнов.

А.Акаевдин тушунда өзгөчө оожалып кеткен коррупциялык схеманын бир учу Н.Танаевге тиешелүү экени ал өкмөттү башкарып турган чагында деле ачыкка чыккан. Энергетика тармагынан үстөк пайызы төмөн кредит акчага Бишкектин чок ортосунан анын келишкен үй сатып алышы кыйла уу-дуу кепке арзыган.

Н.Танаев Бишкекте курулчу административдик-маданий борбордун айланасында чыккан талашты деле жаңы бийликтин мурдагыларды жаманатты кылуу амалында чыгарган саясий кинеси деп эсептейт. Четтен келген расмий жетекчилерди жайгаштырууга ыңгайлуу жайдын жоктугунан административдик-маданий борбор курулушу керектигин ал такай айтып келет. Эмнеликтен кыйла акча анын уулу жетектеген менчик компанияга которулуп кетишин деле кадыресе иш катары баалайт.

- Он жылдан бери курулуп келген система, ошонун негизинде революция болгон. Ошол системага каршы мамлекет өзүнчө бир системаны түзүш керек. Коррупцияга каршы система түзүшү зарыл,- дейт коопсуздук кеңеш катчысы Мирослав Ниязов.

А.Акаевдин күйөө баласы А.Тойгонбаевге, уулу Айдар Акаевге каршы козголгон кылмыш иши экөөнүн Кыргызстандан качып кеткенине байланыштуу аягына чыкпай токтоп турат. Кыязы, Н.Танаевге каршы козголгон кылмыш ишин да ошондой эле тагдыр күтөт окшоп калды.

XS
SM
MD
LG