Жакынкы Чыгышта согушту токтотуу зарылдыгы Европадан да, Арап өлкөлөрүнөн да байма-бай айтыла баштады.
Бүгүн Британиянын премьер-министри Тони Блэр Вашингтондо АКШ президенти Жорж Буш менен ушул жаатта сүйлөшүп жатат.
Азырынча Блэр АКШнын позициясын колдоп турат. Кошмо Штаттардын позициясына ылайык, Жакынкы Чыгышта “жасалма бейпилдик” болбошу керек. Бул тууралуу бейшембиде президент Буш айтты. Бул дегени Израилди “Хезбалладан” коргош үчүн аны куралсыздандырыш керек дегенге жатат.
Бирок, атышууларда өлгөн бейкүнөө адамдардын саны күн санап өсүүдө. Болгондо да алардын көпчүлүгү - “Хезбалла” жайгашкан Ливандын тургундары. Ошондуктанбы, айтор, соңку мезгилдерде АКШнын позициясын колдогондор да азайып кетти.
Блэр болсо - Буштун эң жакын колдоочусу. Андыктан, ушу тапта Блэр бул маселе боюнча АКШнын айтканын колдоп жатканы үчүн өз өлкөсү Британияда катуу сынга кабылууда.
Кантсе да “согушту тезинен токтотуш керек” деп кыйкыра берген менен чын эле атышууларды токтотуп коюнун ортосунда асман менен жердей айырма жатат.
Айрым байкоочулар Жакынкы Чыгыш маселесинде айрым европалык жана арап өлкөлөрү “моралдык жактан туура позицияны” ээлеп, “атышууну тез токтоткула!” деп эле кыйкырып жатышканы үчүн аларды айыптап жатышат. Анткени, ошол мамлекеттердин өздөрү чыныгы ишке келгенде кантип атышууну токтотуунун жолдорун билишпейт дешет байкоочулардын бир тобу.
Касташкан тараптар жарашышы үчүн алар баары куралдарын ташташы лаазым, бирок мындай болушу азыр өтө арсар. “Хезбалланын” лидери Хасан Насрулла да, анан Израилдин премьер-министри Эхуд Олмерт да куралдарын таштабай тургандыктарын ушул жумада ачык эле айтышкан.
Көпчүлүк эксперттердин ишениминде, “Хезбалланы” колдоп жаткан Сирия жана Иран менен тикелей сүйлөшүүлөр болмоюн, согуш токтобойт. Иран болсо сүйлөшүүлөргө барбай турганын билдирди. Президент Ахмединежад бейшембиде “Израил өзүн-өзү жок кылып жиберчү кнопканы басты” деп билдиргени бар. Ал эми Сирия болсо АКШ менен жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөргө даяр экенин билдирүүдө. Бирок, АКШ Сирияны “терроризмдин демөөрчүсү” деп, Дамаск менен алакага баруудан кетенчиктеп турат.
Египет, Иордания жана Сауд Арапстан өңдүү бир топ арап өлкөлөрү азырга чейин өздөрүнүн так позициясын билдирбей келишет. Бир чети, Каирдин, Аммандын жана Эр-Рияддын көчөлөрүндө “Хезбалланы” колдогон кыйкырыктар кеңири угулуп турат. Экинчи жагынан алып караганда, бул мамлекеттердин өкмөттөрү Ирандан коркушат. “Анткени шийилер бул согушта жеңишке жетишип калышса, ушул эле өкмөттөрдүн шору” дейт Лондондогу Эларалык мамилелер боюнча падышалык институттун эксперти Йосси Мекелберг.
Европалык мамлекеттер болсо согушту тезинен токтотуу зарылдыгын айтып жатышканы менен, алардын президенттери региондо бейпилдик орнотуу үчүн өздөрүнүн аскерлерин жөнөткүлөрү жок.
Британия ансыз деле Иракта жана Ооганстанда чоң аракеттерге тартылганы белгилүү. Франция менен Германия атышып аткандар жарашышы керек деп, ал жакка өздөрүнүн аскерлерин жибербей турган болушту. Алар Жакынкы Чыгышка НАТОнун бейпилдик күчтөрү кирбеши керек деп билишет. Анткени НАТОнун күчтөрү негизинен батыш мамлекеттеринин аскерлеринен турат. Демек, аларды Жакынкы Чыгышка жиберүүнүн өзү Батыштын кызыкчылыктары ишке ашып жатканынан кабар берип калмак.
Буга чейин Ливанга 1980-жылдардагы согушта да АКШ менен Франция ал жакка өз аскерлерин жиберип көрүшкөн, бирок эки тарапка тең бул чоң жоготууларга турду.
Иши кылса, азыркы тапка карата Жакынкы Чыгыштагы согушту токтотуунун бир да конкреттүү планы, же жолу иштелип чыга элек. Атышуулар дале уланууда, ортодо эле окко учуп жаткан бейкүнөө адамдардын саны өсүп жатат.