Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:53

АКШдан КЫРГЫЗСТАНДЫН КООПСУЗДУК КЫЗМАТЫНЫН 6 КЫЗМАТКЕРИ ЧЫГАРЫЛДЫ


АКШнын Луизиана штатында террорчулукка каршы күрөшүү программасы боюнча бир айлык окууга барышкан Улуттук коопсуздук кызматынын алты кызматкеринин окуусунун мөөнөтү бүтөөрүнө үч күн калганда 11-июлда Америкадан чыгарылган. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, алардын чыгарылышы өткөн айда Кыргызстандан чыгарылган Американын эки дипломатынын тегерегиндеги окуяга байланыштуу болгон. Ал эми АКШнын Кыргызстандагы элчилиги бул окуяга көз карашын билдирүүдөн баш тартты.

Улуттук коопсуздук кызматынан билдиришкендей, 11-июль күнү Луизиана штатындагы Батон-Руж шаарында террорчулукка каршы күрөшүү боюнча программанын алкагында бир айлык курста окуп жатышкан Улуттук коопсуздук кызматынын алты кызматкери АКШдан чыгарылган. Маалыматка караганда, АКШнын мамлекеттик депертаментинин өкүлдөрү бул окуяны өткөн айда американын эки дипломатынын Кыргызстандан чыгарылышы менен байланыштырган.

Тышкы иштер министрлиги да бул окуяны тастыктап, АКШ бийлигине Кыргызстандын расмий бийлигинен азырынча эч кандай жооп кайтарылбаганын билдиришти. АКШнын Кыргызстандагы элчилиги бул окуя боюнча өз көз карашын билдирүүдөн баш тартышты.

«Демократия жана жарандык коом үчүн» колициясынын президенти Эдил Байсалов болсо АКШнын эки дипломатынын кыргыз жергесинен чыгарылышы жана Ганси авиабазасынын ижара акысын көбөйтүү боюнча президент Курманбек Бакиевдин билдирүүсү кыргыз-америка байланышынын терс өңүткө бурулушуна өбөлгө болушу мүмкүн деген көз карашта. Анын айтымында:

-Менин оюмча бул окуя АКШнын жообунун башталышы. Бул жөнөкөй эле «эки дипломатты айдап чыкты. УККынын алты кызматкерин өлкөсүнөн чыгарып эсеп бир-бир болдук»,- деп АКШ буга ыраазы болбойт. Менин оюмча мамлекет башчысы тышкы байланыштар боюнча катачылык кетирген бир канча жетекчилерге жоопкерчиликти жүктөп туруп кызматтан кетириши керек.

Эдил Байсалов белгилегендей, эгерде кыргыз бийлиги эл аралык нормалардан тышкары саясат жүргүзүп, АКШ бийлигине «сес көрсөтүп, дооматын арта берсе» Кыргызстан биринчиден, экономикалык кризиске туш болот. Экинчиден, америкада жашап, иштеп аткан мекендештерге, жогорку окуу жайларындагы кыргызстандык студенттерге кедергиси тийет, дейт Эдил Байсалов.

Ал эми президенттин маалымат катчысы Клара Кабилова болсо Байсаловдун пикири менен макул эмес. Анын айтымында, АКШ бийлигинин коопсуздук кызматынын алты кызматкерин өз өлкөсүнөн чыгарып жибериши эки өлкөнүн мамилесине терс таасирин тийгизбейт.

- Кыргыз-америка мамилеси бузулбайт. Менимче эки тараптуу байланыш туруктуу эле болот,-дейт Клара Кабылова.

Америка-кыргыз мамилеси башка мамлекеттердин саясатчыларынын да көңүл чордонунда болуп келүүдө. Жакында Кыргызстанга иш сапары менен келип кеткен Россиянын мамлекеттик думасынын төрага орун басары Владимир Жириновский Ортоазиянын геосаясаты жөнүндө өз көз карашын билдирип, АКШ үчүн Кыргызстан Ооганстан сыяктуу американын аскерий базасына айланып калышы мүмкүн деген көз карашын айтты.

- Кытай менен америкалыктар азыр бири-бирине карама-каршы турушат. Кыскасын айтканда америкалыктардын максаты Кыргызстанда аскерий стратегиялык базасын кеңейтүү. Мындан кытайлыктар да чочулоодо. АКШ Ортоазияга кожоюндук кылып Кытай, Индия, Россияга көзөмөлдүк кылууну көздөп жатышат.

Владимир Жириновский ошондой эле америкалыктар Ооганстанга олуттуу таасир көрсөткөндөй, Кыргызстанга да «ээлик кылууга кол созуп» өзүнүн саясатын тымызын жүргүзүүдө, деген пикирде.

Президенттин маалымат кызматы болсо Владимир Жириновский орус саясат чөйрөсүндө чуулгандуу интервьюлары менен аброй топтогон саясатчы экендигин белгилешти.

Аманбек Жапаров,Бишкек

XS
SM
MD
LG