Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:22

ОРУСИЯ, КАЗАКСТАН: КЫРГЫЗ «КАЧКЫНДАРЫН» КАЙТАРЧУ ОЙЛОРУ ЖОК


Коррупциянын тизгинин тартып, уюшкан кылмыштуулукту азайтуу аракети кандай жүрүүдө? Орусия менен Казакстандан башпаанек таап алган айыптууларды кайтарып келиш мүмкүнбү? Мына ушул жана башка темалардын тегерегинде Кыргызстандын Башкы прокурору журналисттер үчүн маалымат жыйынында кеп кылды.

Өткөн жылкы бийлик алмашуусунан кийин кадыресе жандана түшкөн уюшкан кылмыштуулук менен диний чаарбаштыкка каршы күрөштүн натыйжасы кандай болууда?

Кыргызстандын башкы прокурору Камбаралы Конгантиевдин ырасташынча, быйылкы жарым жыл ичинде бул жаатта кыйла иштер жүргүзүлдү. 323 кылмыш иши козголуп, сотко өткөрүлүп берилди. Аркыл себептер менен 475 кылмыш иши катталбай калганын прокуратура кызматкерлери аныктап чыгышты.

Жанкечтилер менен диний чаарбаштарга каршы күрөш кадыресе жандана баштаганын Жалалабаддагы окуялар көрсөттү, дейт К.Конгантиев.

- Мына Жаллабатта, бардыгын жок кылышты. Бирок бүгүн ошол ишти биз абдан күчөтүп жатабыз. Андан тышкары бизде укуктук – мыйзамдык жагын алганда биз жоопкерчилигин күчөтүшүбүз керек экен, вахабисттер менен. Диний экстремизмге каршы күрөшүүдө бизге мыйзам жагын күчөтүү жетишпей жатат.

Башкы прокурор саясий дымак күтө баштаган уюшкан кылмыштуу топтордун саны азайып баратканын айтты. Бирок да коррупцияга каршы күрөш, айрыкча экс-преиздент А.Акаевдин жакын адамдарынын дүйнө мүлкү, Орусияга качып кеткен экс-чиновниктерге каршы козголгон кылмыш иштеринде азырынча олуттуу дегидей жылыш боло элек. Анын себеби - Орусия менен Казакстандын Бишкектен барган өтүнүчкө кайдыгер мамиле жасап, өз жарандарын Кыргызстанга бергиси келбей жаткандыгы.

- Кылмыш ишин, бүт тергөөнү аяктап туруп анан Россияга жиберебиз. Ю.Лысогоров, В.Носов – булар кылмышкерлер. «Биздин Кыргызстанда ушундай кылмыштарды жасаган, сиздер жоопко тарткыла» дейбиз. Буга келишим бизге жол берет. Анан келтирилген зыяндар далилденсе, Россия ал зыяндарды төлөп бериши керек. Биз ошол талапты коебуз. Ал эми Адил Тойгонбаевди болсо, мен дагы Казакстанга кайрылып жатам,- дейт К.Конгантиев.

Өткөн жылкы бийлик алмашуусунан кийин түзүлгөн А.Акаевдердин дүйнө-мүлкүн аныктоо боюнча өкмөттүк комиссиянын жетекчиси Данияр Үсөнов коррупциянын чайлап-коолап кетишине экс-президенттин өзү, анын акылы менен түзүлгөн схема себепкер деген пикирде.

- Кылмыштуу системаны курган киши өзү. Акылы ошого жеткен. Акыл, күч-кубатын ошого жумшаган. Элди тоноп, сыз жерге отургузуп, көзүнөн кан агызып, муну кандай максат менен кылганын мен билбейм,- дейт Д.Үсөнов.

Бирок да оголе көп сөз, саясий маани-мазмун алып кеткен мурдагы президенттин дүйнө-мүлкү, чет өлкө банктарындагы анын жакындарынын миллиондогон акчаларынын дарек-дайны азырынча билине элек. Анын эсебин таап келмек болгон адвокат Либерман Данияр Үсөновдон алган 500 миң доллардын эсесине деп жадесе бир маалымат берүүгө жарабаганын К.Конгантиев билдирди.

Анткен менен Кыргызстандын президенти К.Бакиев коррупциянын тизгини мурдагысынан кыйла тартылып калганын такай айтып келет. Непадам элдин баары аткаминердин алдына акчасын көтөрүп келбесе эле бул социалдык илдет жоюлуп кетмек дейт.

- Урматтуу агайын-туугандар! Бербесеңерчи! Өзүңөр берип атпайсыңарбы! Токтоткула ошол пара бергениңерди!

Быйыл күздө күч кызматтарын реформалоо концепциясы талкууга коюлат. Азырынча ар бири өз алдынча, чачкын иштеп аткандардын санын кыйла кыскартып, тармактын ишин коомчулуктун көзөмөлүнө коюу аракети эми башталууда.

Бекташ Шамшиев, Бишкек

XS
SM
MD
LG