Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:32

Бедел ашуусунда кырылган кыргыздардын сөөктөрү жерге жашырылды


БИШКЕК. 1916-жылдагы Үркүндө Бедел ашуусу аркылуу Кытайга качууга мажбур болгон ата-бабалардын сөөктөрү чогултулуп жерге жашырылды. Бул иш-чарага катышкан «Азаттыктын» кабарчысы Кубат Чекиров билдиргендей, аталган ашууда адамдардын 6 кап сөөгү чогултулуп, чекара постунун жанындагы жерде көмүлдү. Мындай кааданы аткарган экспедициялык топ бүгүн Барскоонго кайтып келди. Аны Жогорку Кенештин депутаты, «Асаба» улуттук кайра жаралуу партиясынын төрагасы Азимбек Бекназаров жетектөөдө. Экспедициялык топтун дагы бир тобу ушундай эле иштерди Ак-шыйрак ашуусунда жүргүзүүдө.

XS
SM
MD
LG