Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:11

КОНДОЛИЗА РАЙС ИЗРАИЛ-ХЕЗБОЛЛА КАНДУУ ЭРЕГИШИ ЖАКЫНДА ТОКТОЙТ ДЕГЕН ҮМҮТТӨ


АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс Израил менен “Хезболланын” ортосундагы куралдуу эрегиш ушул жумада тыйылышы мүмкүн деп билдирди. Жекшембиде Ливандагы Кана калаасында Израилдин чабуулунан 54 киши, жарымынан көбү жаш балдар мерт болгондон кийин эл аралык коомчулуктун Жакынкы Чыгыштагы кан төгүүнү токтотууга үндөгөн чакырыктары мурдагыдан күчөдү.

Ыйык Инжил китебинде жазылгандай, дал ушул Кана шаарында Ыйса пайгамбар сууну шарапка айландырган. Жекшембиде дал ушул калаада Израил Ливандагы аскердик операцияларын баштаган 3 жума ичиндеги эң кандуу окуя орун алды. Израилдин согуштук учагы таштаган бомбадан имараттын алдында жашырынып отурган 54 киши, жарымынан көбү жаш балдар шейит кетишти. Телеканалдар кичинекей балдардын канжалаган денесин көтөрүп баратып боздогон эркектерди көрсөтүп элдин жүрөгүн сыздатты.

Израил бул кайгылуу окуя үчүн өкүнүчүн билдирип, аба чабуулун 48 саатка токтотуп, бул аймакта жашаган кишилердин башка жактарга кетүүсүнө 24 саат убакыт берди.

Тель-Авив карапайым тургундардын өлүмү үчүн эл жашаган аймактардан ракета жаадырып жаткан “Хезболла” да күнөөлүү деп кошумчалады. Бирок, Канадагы кандуу окуя Ливанда жана башка чет өлкөлөрдө катуу нааразычылык жаратты.

- Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши үчүн Ливандагы Кана шаарында ондогон кишилердин, наристелердин өмүрүн алган Израилдин чабуулу өтө чоң сокку жана терең өкүнүчтүү окуя болду, - деп жарыялады Коопсуздук кеңешинин өкүлү Де ла Саблье.

Улуттар уюмунун баш катчысы Кофи Аннан өткөн жумада эле Жакынкы Чыгыштагы кан төгүүнү чукул арада токтотууга чакырган. АКШ мындай талап койгон жок, бирок жекшембиде Израилден кетип жатып, Мамлекеттик катчы Кондолиза Райс жакын арада кризис чечилет деген ишеничин билдирди.

-
Вашингтонго кетип бара жатып, мен ок атууну тез арада токтотуу жана чатакты узак мөөнөткө жөнгө сала турган жаңы макулдашууну алып баратам. Бул эки маселе тең ушул жумада чечилээрине ишенем,
- деп белгиледи Кондолиза Райс.

Анын айтымында, Вашингтон Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинен 3 жободон турган планды бекитүүнү суранат. Алар – кан төгүүнү токтотуу, узак мөөнөттүү коңшулаштыктын саясий принциптери жөнүндөгү макулдашуу, ошондой эле Ливан армиясынын тынчтыкты көзөмөлдөө аракетине жардам бере турган эл аралык күчтөрдү жайгаштыруу болмокчу. Бирок Райс айым Иерусалимде бул планды жарыялагандан көп өтпөй, Израилдин коргоо министри ок атуу токтотулса, ал “Хезболланын” гана чырагына май тамызат деген пикирин парламентте жарыя кылды. Амир Перец Израил Хезболлага каршы чабуулун кеңейтет жана күчөтөт деп белгиледи.

Венера Сагындык кызы

XS
SM
MD
LG