Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:09

ХОДОРКОВСКИЙДИН АБАКТА ОЛТУРУШУНА 1000 КҮН ТОЛДУ


Жекшембиде «Азаттыктын» Москвадагы бүйрөсүндө айтылуу олигарх Михаил Ходорковскийдин колуктусу Инна Ходорковский менен кеңири баарлашуу болду. Ал жердеги кепте «Юкос» компаниясынын мурдагы жетекчисинин үй-бүлөсү кандай абалда экендиги айтылды. Азыркы учурда абакта жаткан орусиялык ишкердин буга дейре жашап келген тамташын бийлик тартып алганы атканы дайын болду.

Баарлашууну «Эркин Европа жана Азаттыктын» кабарчысы Данила Гальперович өткөргөн. Ал жерде Инна Ходорковскаянын алгачкы жолу маектешүүгө келгени маалым болот. Олигархтын жубай ал бүлөдөгү түгөнбөс кайгынын чыгышына баарыдан мурда бийлик айыптуу деп эептээрин айткан. «Менин эримдин саясий кине менен түрмөдө олтурушуна мен толук ишенемин», - деген.

Михаил Ходорковский 9 жылга кесилген. Азыркы тушта ал анын миң күндөн ашуунун өтөдү. «Юкос» компаниясынын мурдагы жетекчисинин зайыбы: «бул миң күн ичинде ал (бийлик – ММ) анча деле кысым көргөзгөн жок. Бирок менчик мүлктү тартып алуу эмдигиче уланып атат», - деген.

- Биз жашаган жерди май айында тизмеге алып ал жерди ошондон тарта биздин пайдалануубузга тыюу салган. Ошондуктан мен азырынча Жуковкада турабыз деймин. Бирок ичимден мындан аркы баш катар жайды издешим керек деген ойдомун. Кантсе да ижарага үй алат окшоймун. Алардын (бийликтин – ММ) ал жерден бизди канчалык тез бөлөт мага азырынча белгисиз, - дейт Инна Ходорковская.

Москва алдындагы Жуковка кыштагы байлардын ал жерден жай алышы менен маалым эле. Ал айылда Михаил Ходорковскийден сырткары Платон Лебедев, Леонид Невзлин, Светлана Бахмина жана башкалар турушчу. Азыр ал кыштакта балдар менен аялдар гана калганын Инна Ходорковская айтат. Ал айылдагы байлар дээрлик түрмөдө, калганы качып чет жакада бозгунда деген. Эми ошол Жуковка айылын да бийлик тартып алууга аракеттенип жатканын айткан.

Бирок, Инна Ходорковская үч баласы, жубайы болуп Орусияны таштап кетүүгө ниеттери жок экенин айтат. Андан ары алыскы Сибир коюнуна курулган Краснокаменская колонияга дейре элден мурда учак менен 9 саат, поезд менен 15 саат андан ары да 40 мүнөт автоунаа менен барып келип атканын айтат.

Орусиялык ишкердиктин мурдагы элитасынын бараандусу болгон «Юкос» жетекчисин абакта кезинде улам бир шылтоо менен убаракерчиликке салып жатканын Ходорковскийдин жубайы бийлик аны менен текөрлөшүүсү уланып атканы катары түшүндүрөт:

- Аны мөңкүрөтүп жер карма кылып салыш үчүн жасап атышат. Мындай ык кантсе да небактан иштелип келаткандай, - дейт олигархтын жубайы.

Кыстара кетчү кеп, Инна Ходорковская маскөөлүк келин. Ушул шаарда төрөлүп ушул шаарда чоңойгон. Менделеев атындагы химиялык институтка 1986-жылы өтүп ал жерден Михаил Ходорковский менен таанышкан. Экөөнүн үч баласы бар.

Муса Мураталиев, Маскөө калаасы

XS
SM
MD
LG