БИШКЕК. БШК төрагасы Туйгуналы Абдраимов кечээки жыйында анын себебин Түзбел участкасында 25-июндагы добуш берүүнү үзгүлтүккө учураткан окуяга байланыштуу күч органдарынан тиешелүү жооптор келбей жатканы менен түшүндүрдү. Бул маселени БШК эми ушул жума күнү карашы ыктымал. Куршаб округунда 23-апрелде өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгы менен БШК Мамат Орозбаевди Жогорку Кеңештин депутаттыгына каттаган. Бирок, анын атаандашы Санжарбек Кадыралиев сотко кайрылып, Жогорку сот Түзбел участкасында кайра шайлоо өткөрүүнү белгилеген эле. Шайлоо учурунда тараптардын ортосунда кагылышуу чыгып, добуш берүү үзгүлтүккө учураган.