Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:10

Кубанын лидери Фидель Кастрого операция жасалды


Мамлекеттик теледен жардамчысы окуган билдирүүдө Кубанын лидери саламаттыгы начарлаганын өтө чарчап-чалыккандыгы менен түшүндүргөн. Өткөн аптада Кубада Улуттук боштондук деп аталган күндүн урматына майрамдык салтанаттар өткөн эле. Андан соң Аргентинага, Түштүк Америка өлкөлөрүнүн саммитине барып келген Фидель Кастро ичинен кан агууга кабылган. Буга байланыштуу ал өз ыйгарым укуктарын убактысынча иниси Рауль Кастрого өткөрүп берди. Фидель Кастро 13-августа 80ге чыгат. Кубаны 1959-жылкы революциядан бери башкарууда.

XS
SM
MD
LG