Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:36

Токмокто укук коргоо уюмдар талоончулукка учурады


Бишкек. Кечээ түнү Токмокто “Тынчтык – дүйнө - маданият” коомдук уюмунун жана Адам укуктары боюнча ресурстук борборунун кеңселери талоончулукка кабылды. “Тынчтык – дүйнө - маданият” коомдук уюмунун жетекчиси Максим Кулешов билдиргендей, укук коргоо уюмдарынын кеңселерине жасалган талоончулук алардын ишмердүүлүгүнө байланыштуу болду. Аталган эки уюм коррупцияга каршы күрөшүү багытында иштеп келатышат. Учурда алар шаардык мэрия менен кеңештин кызмат машинелерине, шаарда жер участокторун бөлүштүрүүгө байланыштуу иштерди иликтешүүдө.

XS
SM
MD
LG