Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:06

ФИДЕЛ КАСТРО БИЙЛИКТИ ИНИСИНЕ ӨТКӨРҮП БЕРДИ


Чолпон Орозобекова, Прага Кубанын президенти Фидел Кастро бийликти кичүү иниси Раулга убактылуу өткөрүп берди. Ал ич көңдөйүнө кан куюлуп, оор операцияны баштан кечирди. 79 жаштагы Фидель Кастро Кубаны 47 жылдан бери башкарып, бир да жолу бийликти убактылуу тапшырып көргөн эмес.

Куба мамлекеттик телеканалынан президенттин жардамчысы Карлос Валенсиа Фидель Кастронун элге кайрылуусун окуп берди. Анда минтип айтылат:

-Көптөгөн сыноолорго чыдап келген менин саламаттыгыма абдан күч келип калды. Ич көңдөйгө кан куюулуудан улам оор операция жасатууга туура келди

Фидель Кастро өзүнүнүн саламаттыгынын начарлашын Аргентинага сапары учурунда күч келип, Кубадагы революция күнүн өткөрүү түйшүгү менен өтө чарчагандыгынан көрөт. Билдирүүдө айтылганга караганда, ал операциядан кийин бир нече жума жумушка чыкканга болбойт.

Ошентип иниси Раул Кастро учурда коммунисттик борбордук комитетинин биринчи катчысы, куралдуу күчтөрдүн башкы командачысы жана президент болуп калды. Бул жаңылыкты дүйнө жүзүндө ар кыл кабыл алышты.

АКШнын Флорида жана Майами штаттарында жашап аткан кубалыктар бул кабарды чоң кубаныч менен кабыл алышты. Алар көчөгө чыгып алып “Жашасын Куба эркиндиги” деп кыйкырып жүрүштү. Мына Кастронун бийликтен убактылуу болсо да кеткенине АКШда ушинтип сүйүнүп атышса, Кубанын өзүндө маанай башкараак.

Кубалыктар Фидель Кастро ден-соолугуна байланыштуу бийликтен чындап биротоло кетээрине анча ишенишпейт. Эки жыл мурда ал оң колун сындырып, тизесин чыгарып алганда да ушундай божомолдор болгон. Чалгын кызматтар катуу илдетке кабылды деген маалыматты тараткандан кийин деле Фидель өзүн эң жакшы сезип атканын айтып мамлекетти башкарууну уланта берген.

Саясат талдоочулар кокус Фидель Кастро дүйндөдөн кайтса Куба өтө оор күндөргө кептелиши ыктымал деп боолголошот.

Куба-америкалык иликтөөлөр институтунун эксперти Жейм Сачликинин пикиринде Кастро бир нече жылдардан бери инисин бөпөлөп келатат. Аны экинчи кол башчы кылып, куралдуу күчтөрдү кубаттандырып койду. Ал каза болгон күндө иниси ишке киришүүгө даяр турат.

-Андыктан, анын революциясы өзү гана эмес, иниси Раул өлгөндөн кийин да улантылгыдай абал түзүп койгон,-дейт Жейм Сачлики.

Фидель Кастро Кубаны 1959- жылдан бери башкарат, ушунча жылдан бери бир да жолу президенттик полномочиелерин бирөөгө берген эмес. Көпчүлүк байкоочулардын баамында, Кастронун бийликте турбай калышы айрым кубалыктар үчүн күтүүсүз бурулуш да болушу ыктымал. Себеби Куба атуулдарынын 70 пайызы башка мамлекеттик жетекчинин тушунда жашап көрүшкөн эмес.

Фидель Кастро 13-августта 80ге чыкканы турат. Бул маараке менен байланышкан шаан-шөкөттөр кышкыга декабрь айына жылдырылды. Азыр бийликти убактылуу өткөрүп алган иниси Раул Кастро 75 жашка келди. Ал агасынын оң колу десек болот, бир нече жылдан бери Кубанын коргоо министри болуп иштеп келаткан.

XS
SM
MD
LG