Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:31

ПРЕЗИДЕНТ КУРМАНБЕК БАКИЕВ 57 ЖАШТА


Кечээ президент Курманбек Бакиев 57 жашка чыкты. Ага бир катар чет мамлекеттин башчыларынан куттуктоолор келип түштү. Өткөн жылы 10-июлда Бакиев президенттик шайлоодо 89 пайыз добуш менен атаандаштарын жеңип мамлекет башчылыгына шайланган. Айрым талдоочулар бир жылдан ашуун мезгилде президент өлкөдө олуттуу өзгөрүүлөргө кадам таштаган жок деп сындашса, айрымдары өлкөнү оор кризистен алып чыгат деген ишенимде.

Кыргызстандын экинчи президенти Курманбек Бакиев 1949-жылы биринчи августта Жалалабад облусунун Сузак районуна караштуу Масадан айлында төрөлгөн. 1972-жылы Орусиянын Куйбышев шаарындагы политехникалык институтунан инженер-электрик адистигине ээ болуп, эмгек жолун Куйбышевдеги заводдо электромеханик кызматынан баштаган. Аны жакындан билген адамдардын айтымында, Бакиев жооптуу мамлекеттик кызматтарга өзүнүн билими, уюштуруучулук жөндөмүнүн аркасында жеткен.
Айрым байкоочулар март окуясынан кийин Бакиев бийликке кокустуктан келди дешсе, айрымдары экс-президент Акаевдин режимине каршы курамында 9 саясий партиядан турган Кыргызстан элдик кыймылынын колдоосунда келди дешет.

Өткөн жылы май айында журналисттер менен болгон жолугушууда Курманбек Бакиев элдик кыймылдын келечеги кең экендигин, аны өнүктүрүүгө салымын кошорун билдирген. «Кокустан президент болуп калсаңыз, көз карашыңыз өзгөрүп, элдик кыймылдын мүчөлөрү оппозицияга чыгышса кысым көрсөтпөйсүзбү? деген суроого, ал мындайча жооп берген эле.

-Эми аны кудай билет. Бирок президент боломбу же башка киши боломбу менин жеке оюм, көз карашым өзгөрбөйт.

Айрым саясатчылар Акаевдин режимин кулатууга чоң салым кошкон элдик кыймылдын айрым мүчөлөрү мамлекеттик жооптуу кызмат орундарына жетишкенден кийин аталган кыймыл өзүнүн саясий жүзүн жоготту деген пикирлерин билдиришүүдө.

-Кыргызстан элдик кыймылы абройлуу кыймыл болот деп Курманбек Салиевичтин ошондо айткан ойлору туура. Бирок ошол ойлогон ойлорун азырынча ишке ашыра элек,-дейт элдик кыймылдын мүчөсү Клара Ажыбекова.

Коомчулукта кээ бир талдоочулар Курманбек Бакиев мамлекет башчылыгына шайлангандан кийин өлкөдө эл күткөн саясий-экономикалык олуттуу өзгөрүштөрдү жасаган жок деген, көз караштарын билдиришүүдө.

Саясат таануучу Орозбек Молдалиевдин пикиринде, Президент Курманбек Бакиевдин туулган күнүнө карата мактоо сөз айтса болмок. Бирок адилет сын айтуу мактоодон жакшы болот болуш керек:

-Эми президент оппозицияда жүргөндө айткан көп убадаларын аткара элек. Ага мисал болуп «Реформа үчүн» кыймылынын койгон он талабын айтсак болот. Албетте анын бары тез аранын ичинде аткарылып кетпейт. Бирок анын себептерин коомчулукка билдирсе жөндүү болот эле деп ойлойм.

Орозбек Молдалиев белгилегендей, Бакиевдин бийликке келиши менен ички саясатта жарандык коомдордун таасиринин негизинде конституциялык реформа жүргүзүү аракеттери көрүлүп жатканы жакшы саамалык. Ал эми «тышкы саясатта айрым олуттуу мүчүлүштүктөргө жол берилүүдө», дейт Молдалиев.

Адам укуктары боюнча кыргыз комитетинин башчысы Рамазан Дырылдаев болсо, «Курманбек Бакиевдин бийликке келиши менен Кыргызстанда адам укуктарынын абалы оңолуп кеткен жок, тескерисинче күч органадары тарабынан кыйнап-кыстоолор көбөйүүдө», дейт. Анын айтымында, өлкөдө реформалар ишке ашпай Бакиевге болгон элдин ишеними жоголууда.

-Мен түштүк аймагына барганда карапайым элдин пикирлерин угуп атам. Алар айтат,”Учурунда респуликаны башкарган маркум Ыскак Раззаков, Апсамат Масалиев таза адам болушкан. Ал эми Бакиев алардан төмөн болуп кетти”дегендер бар.

Рамазан Дырылдаев ошондой эле учурда коррупция күч алып, эл арасында президент кадр саясатын начар жүргүзүп, бир туугандарын мамлекеттик кызмат орундарына дайындашы эл арасында нааразылыктарды жаратып жатканын билдирди.

Ал эми президент Курманбек Бакиев үлкөн жыйындарда, маалымат каражаттарында бир туугандарына эч качан колдоо көрсөтпөгөнүн белгилеп, коррупцияга катуу сокку уруп, мамлекетти экономикалык кризистен чыгаруу аракетин көрүп жатканын байма-бай айтып келүүдө.

-Азыркы бийликтин учурдагы милдети, эртеңки күндөгү аракети бир гана багытта болот. Ал багыт Кыргызстанда жашаган элдин турмуш шартын оңдоо.

Кыргызстан коммунистик партиясынын жетекчиси Клара Ажыбекованын айтымында, өлкөнү кризистен чыгарууга президент Курманбек Бакиевдин бардык жактан мүмкүнчүлүгү бар. «Анын ойлору, саясий көз караштары жеткилең. Президенттин иш аракеттерине айрым бир саясий күчтөр тоскоол болбой, тескерсинче колдоого алыш керек»,-дейт Клара Ажыбекова.

XS
SM
MD
LG