Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:28

«ХЕЗБОЛЛАНЫН» СОГУШКЕРЛЕРИ ИЗРАИЛЬ АСКЕРИНИН КОЛУНА ТҮШТҮ


Израил Ливанда “Хезболланын” согушкерлерин колго түшүргөнүн билдирди. Кабарларда жөөт аскерлери Ливандын аймагына улам тереңдеп кирип барганы айтылат.

Израилдин атайын аскерлери Ливандагы байыркы Баалбек шаарына шейшембиде түн ортосунан оогондо тикучмада жеткирилип, парашюттан секирип түшүштү. Тель-Авив билдиргендей, алар Баалбектеги ооруканага рейд жасап, Хезболланын согушкерлери деп шектелген 5 кишини кармап, Израилге алып кетишти. Сирияга чектеш аймакта өткөн бул операциядан улам Израил Ливандын аймагына улам тереңдеп кирип баратканы айтылууда. Бул рейдге удаа ушул эле аймакты Израилдин согуштук авиациясы асмандан аткылап, кеминде 11 киши мерт болгону маалымдалды. Ливандын түштүк тарабындагы аскердик база да бутага алынып, ал жерде 3 аскер курман болду. 3 жумадан берки куралдуу касташуу Ливанда 640тан ашуун, Израилде 50дөй кишинин өмүрүн алып кетти.

Шейшембиде Брюсселде чогулган Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери Жакынкы Чыгыштагы куралдуу эрегишти чукул арада токтотууга чакырышты. АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс кан төгүү жакын арада токтойт деген үмүтүн кайталады.

-Эгерде биз жакшылап ойлонуп аракет кылсак, кризис ушул жумада чечилиши мүмкүн. Кандай болгон күндө да, ок атуу алдыдагы жумалар эмес, жакынкы күндөрдө тыйылышы ыктымал.

Бирок Израилдин премьер-министри Эхуд Ольмерт шаршембиде Ливандын түштүгүндө “Хезболланын” дымагын баса турган күч-кубаттуу эл аралык күчтөр жайгаштырылмайынча, согуштук аракеттер токтотулбайт деп белгиледи. Улуттар уюму Ливанга эл аралык күчтөр киргизүү маселесин бейшембиде талкуулайт. Эхуд Ольмерт андан сырткары Израил Хезболланы бир топ алсыратып койгонун кошумчалады.

- Менимче, Израилдин аскердик операцияларынан улам Хезболла бир кыйла куралсыздандырылды. Алардын дагы эле жаадырып аткан ракеталары жөнүндө айткан жерим жок. Хезболланын бул аймактагы 700дөй базалык түйүндөрү талкаланып кыйрады.

Израилдин премьери бул сөздөрдү айтып жаткан чакта да Хезболланын ракеталары Израилдин түндүк тарабын бутага алып, соңку кабарлар боюнча, кеминде жети киши жарадар болду. Соңку бир күн ичинде бул аймакка 80дей ракета атылганы кабарланды.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG