Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:35

АКСЫ ОКУЯСЫНА БАЙЛАНЫШТУУ ЖАҢЫ ИЛИКТӨӨЛӨР БАШТАЛДЫ


Аманбек Жапаров,Бишкек Башкы прокуратура 2002-жылкы Аксы окуясын кайра баштан иликтөөгө киришти. Беш маселенин башын ачууну көздөгөн бул иликтөөнүн катарында Азимбек Бекназаров Токтогул районунда тергөөчү болуп турганда киши өлтүрүү фактысын мыйзамдуу жапканбы же жокпу деген маселе боюнча козголгон ишти да териштирет. Айрым бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү Аксы окуясына себепкер деген шылтоо менен Азимбек Бекназаровду жана жарандык коомдун лидерлерин жаманатты кылуу аракети болушу ыктымал деп болжоп жатышат.

Башкы прокурор Камбаралы Конгантиевдин айтымында, иш беш багытта тергелүүдө:

- Биринчи багыт, Токтогул районунда Азимбек Бекназаров прокуратурада тергөөчү болуп иштеп турган убагында адам өлтүрүү боюнча кылмыш ишин жапкан экен ошол иликтенет. Экинчиси, ошол кылмыш иши мыйзамдын чегинде козголгонбу же мыйзамсыз козголгонбу? Үчүнчүсү 17-мартта Аксыда ушул окуяны уюштургандардын күнөөсү барбы, же жокбу? Төртүнчү багыт 18-мартта Кербенде болгон ызы-чуу, баш аламандыкка ким күнөөлүү. Эки тарапты тең тыкат иликтеп чыгуу керек. Бешинчи багыт - эл арасында сөз болуп атпайбы ошол “Аксы окуясы болгондо Ак үйдө отурган бийлик жетекчилери атсын деген буйрук берген”-деп. Мына ошону да тактайбыз.

Камбаралы Конгантиев белгилегендей, иликтөө иштери аяктагандан кийин Аксы окуясына кимдин күнөөсү бар, кимдин күнөөсү жок экендиги элге ачык айтылат.

Аксы окуясында жабыркагандардын адвокаты Сартпай Жайчыбековдун айтымында, Башкы прокуратуранын иликтеп, тергөө иштеринен деле эч бир майнап чыкчудай эмес.

-Булар деле эч бир жыйынтык чыгарбайт. Себеби президент Курманбек Бакиевдин бул окуя боюнча саясий эрки жетпейт.

Жайчыбеков ошондой эле учурда Жалалабад облусунда Башкы прокуратуранын тергөөчүлөрү Аксы окуясы боюнча тергөө иштерин кызуу жүргүзүп жатканын белгиледи.

-Башкы прокуратуранын тергөөчүлөрү облустук прокуратуранын кеңсесинен чыкпай иштешип, кандуу окуя болгон Бозбиек айылына, окко учкан алты азаматтын үйбүлөсүнө барышып окуянын чоо жайын алигиче жеринде сурашкан жок,- дейт Жайчыбеков.

Ал эми Аксы окуясына күбө болгон жана андан жабыркаган адамдардын укугун төрт жылдан бери коргоп келаткан “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдырасулованын айтымында, башкы прокуратуранын бул иш аракеттери жарандык коомдорду, Азимбек Бекназаровду Аксы окуясы боюнча коомчулукка жаманатты кылып көрсөтүүсү мүмкүн.

-Бүгүнкү күндө бийликте отурган адамдар деле Аксы окуясына чыныгы баа берилишин каалабайт атышат. Ошондуктан он бир жыл мурдагы, жети жыл мурда болуп өткөн Аксы окуясына кыйыр тиешеси жок иштерди иликтеп, тергегиси келип атат. Ал эми кандуу окуяга түздөн-түз тиешеси бар, тынч келаткан элге каршы ким ок аттырды? Ким “Тайфун” операциясын ойлоп чыгарды? Ушул сыяктуу жөнөкөй эле суроого жооп издешкен жок. Башкы прокуратуранын ошол беш пункттан турган иликтөө иштеринде “Тайфун” операциясы тууралуу, элге ок атууга ким буйрук берген? Аны кимдер аткарган?- деген багыт жок-деди Азиза Абдырасулова.

Үстүбүздөгү жылдын 2-июнунда Жогорку сот Башкы прокуратура тарабынан Аксы окуясы боюнча жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра тергөөнүн зарылдыгы жок деген чечимин чыгарган. Соттун мындай чечимине нааразы болушкан Аксылык 10-15 адам Өкмөт үйүнө кирүүгө аракет жасашып, аларды милиция кызматкерлери, аскерлер күч менен сыртка чыгарышкан. 3-июнда президент Аксылыктарды кабыл алып Аксы окуясы боюнча ишти аягына чыгарууну башкы прокуратурага тапшырган.

XS
SM
MD
LG