1825-жылкы Т. В. Нюхалов менен Ф. К. Зибберштйндин экспедициясынын бу күнкү сапары Ысык көл жээги аркылуу уланган. Ф. К. Зибберштейн Ысык көлдүн жаратылышына жана анын географиялык өзгөчөлүгүнө токтолуп, мындан өткөн кербен жолун сүрөттөйт. Кыргыздардын чыгыш чеги Кытай менен чектешкен Санташ жергесинен башталаары жана мындан кербен жолу өтөөрү белгиленет.
1876-жылдын июль айында Чоң Алай жана Кичи Алайды жердеген адигине жана мунгуш уруулары орус бийлигине моюн сунган. Фергана аскер губернатору генерал-майор М. Д. Скобелев аларга төмөнкүдөй үч талап койгон:
1) 6 рубль көлөмүндөгү бир жарым эселик зекет төлөө;
2) Талдык ашуусу аркылуу Гүлчөдөн Кызылсуу өрөөнүнө чейин таш жол салуу;
3) Аскер муктаждыгы үчүн 150 жылкы берүү. Орус бийлиги койгон талап кыргыздар тарабынан толугу менен аткарылган.
1919-жылдын 3-августунда Пишпек уезддик эл депутаттар кеңешинин төрагасы А. Платов мындан ары кеңеш жыйындары калк үчүн ачык өткөрүлө тургандыгын жар салды. Ар жуманын шейшемби жана жума күнкү күндүзгү саат 4төгү жыйындын эшиги каалочулар үчүн ачык деп кабарланды.
1937-жылдын бу күнү Кыргыз ССРинин КП (Б) Борбордук комитетинин II пленуму ишин аяктады. Кыргыз коммунисттери ВКП (б) Борбордук комитетинде каралган «Кыргыз ССРинин чарбалык жана маданий өнүгүүсүн артыруу маселесине» байланышкан токтомду талкуулашты.
Таанымал тарыхчы А. Н. Бернштамдын 1939-жылдын 3-августунда жазган отчетунда Кыргызстан аймагында жүргүзүлгөн археологиялык изилдөөлөр туурасында маалымат берилет. Анын айтымында мында б. з. ч. III кылымга таандык хунндардын көрүстөнү казылгандыгы жана андан бай тарыхый материал табылгандыгы кабарланат.
Бу күнү, 1492-жылы Христофор Колумб Индияга сапар тартуу максатында батышка беттей биринчи сүзүүгө чыгып, 1795-жылы Париж консерваториясы негизделип, 1936-жылы СССР Элдик комиссарлар кеңеши ГАИ кызматын уюштуруп, 1949-жылы АКШда НБА аталган Улуттук баскетболчулар ассоциациясы түзүлүп, 1770-жылы Пруссия королу Фридрих Вильгельм III, 1803-жылы англис архитектору Джозеф Пакстон, 1901-жылы польяк кардиналы Стефан Вышинский жарык дүйнөгө келип, 1981-жылы акын Шамен Токтобаев, 1983-жылы таанымал акын жана жазуучу Шатман Садыбакасов, 1973-жылы кыргыз жазуучусу Тенти Кыдыралиев дүйнөдөн кайтышкан.
Муратбек Кожобеков