Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:07

АКШдан эки кыргыз дипломаты чыгарылууда


БИШКЕК. Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, өлкөнүн АКШдагы элчилигинин эки кызматкеринин чыгарылышынын эч кандай себептери айтылган эмес. Тышкы иштер министрлиги бул өткөн айда эки америкалык дипломаттын Кыргызстандан чыгарылышына АКШ тараптын жообу болду деп эсептейт. АКШдан чыгарылып жаткан эки дипломаттын ысымдары азырынча атала элек. Маалыматка караганда, аларга АКШнын аймагынан чыгып кетүүгө бир айлык мөөнөт берилген. 11-июлда өлкөнүн ички ишине кийлигишкен деген айып менен эки АКШ дипломаты Кыргызстандан чыгарылган болчу.

XS
SM
MD
LG