Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:25

КЫРГЫЗСТАН-АКШ: ДИПЛОМАТТАР ЧАТАГЫ, БАУЧЕР КЕЛИП БАСАБЫ?


Кыргызстан менен АКШнын мамилеси жөнөкөй эмес кырдаалды башынан кечирүүдө. Эки мамлекеттин ортосунда дипломаттык чатак күчөп, Вашингтон жооп иретинде эки кыргыз дипломатын Кошмо Штаттардан бир айдын ичинде чыгып кетүүсүн талап кылды. Өткөн айда АКШнын эки дипломатын Кыргызстан тышкы иштер министрлиги өлкөдөн чыгарган эле. Дипломаттык чатак ырбап турган маалда АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Ричард Баучердин жакын арада Кыргызстанга келиши күтүлүүдө.

Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы түшүнбөстүк Шанхай кызматташуу уюмунун өткөн жылы Астанадагы саммитинен кийин пайда болду. Андагы саммиттин соңунда кабыл алынган документте "Манас" аба майданындагы америкалык базаны чыгаруу мөөнөтүн тактоо талабы коюлган эле. Бул маселе боюнча Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы сүйлөшүүлөр базанын ижара акысын көтөрүү жагына Кыргызстандын демилгеси менен ооп, ал боюнча сүйлөшүүлөр дээрлик бир жылга созулду. Июль айынын башында эки тарап келишимге жетишти. Дал ушул база боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан учурда Кыргызстан Тышкы иштер министрлиги АКШнын Бишкектеги эки дипломатын өлкөдөн чыгаруу талабын койду. Вашингтон үч жуманын ичинде ага жооп кылып, эки кыргызстандык дипломаттын АКШда калышын каалабасын жарыялады.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Нуржигит Кадырбеков кыргыз дипломаттарынын чыгарылышына карата эч кандай кошумча маалымдама бере албасын билдирди.
Чыгарылган дипломаттардын бирөөсү Салтанат Ташматова элчиликтин биринчи катчысы, экинчиси Асан Усупов экинчи катчысы кызматын аткарып келген эле. Алар учурда америкада калууда, бирок бир айдын ичинде чыгып кетүүгө тийиш.

Демократиялык күчтөрдүн биримдиги партиясынын лидерлеринин бири, белгилүү дипломат Бакыт Бешимов дипломаттар чатагы менен коштолгон кыргыз-америка мамилесин мындай баалайт:

- Эки дипломаттын АКШдан чыгарылышы дипломатиялык мамиледеги мыйзам ченемдүү көрүнүш. Биз америкалык эки дипломатты чыгардык. Алар жооп иретинде биздин дипломаттарды чыгарды. Бирок мунун артында кесепети сөзсүз болот. Мындан Кыргызстан көп жоготууларга учурайт. Ошол боло электе биз алдын алып, маселени акыл менен чечкенибиз оң болот. Бул үчүн кыргыз өкмөтү америка тарап менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, ортодогу маселелерди чечиш кереk .

Саясат таануучу Орозбек Молдалиев АКШнын кыргыз дипломаттарын чыгаруу чечими күтүлүп жаткан чечим дейт:

- Бул эки дипломатты чыгаруу күтүлгөн кадам болчу. Ал эми Улуттук коопсуздук кызматынын алты кызматкерин чыгарган жери түшүнүксүз болуп турат. Алар өздөрү окууга чакырып алып, андан кийин кеткиле дегени түшүнүксүз болуп турат. Бирок, мына ушул окуялар менен эле эки мамлекеттин мамилеси үзүлүп, жаман болуп кетет дегенге болбойт. Эки тарап тең мамилени оңдоого кадамдарды жасаш керек.

Бул арада АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Ричард Баучердин жакын арада Кыргызстанга келери маалым болду. Тышкы иштер министрлигинин батыш башкармалыгынын башчысы Канат Турсункуловдун маалыматына караганда, Ричард Баучердин 10-августа Кыргызстанга келиши жана президент Курманбек Бакиев баш болгон жетекчилер менен жолугушуп, кыргыз-америкалык мамилелер боюнча сүйлөшүүлөр өткөрүүсү күтүлүүдө. Ал эми дипломаттар чатагы сүйлөшүүдө козголбойт. Анткени ал маселе чечилди деп эсептелинет. Ганси базасы боюнча маселе козголушу мүмкүн, деген Канат Турсункулов, бирок Баучердин сапарынын максаты тууралуу АКШнын элчилиги азырынча расмий маалымат бере электигин кошумчалады.

Айданбек Акмат уулу

XS
SM
MD
LG