«Мамлекетке маалымат каражатынын кереги жокпу?» Ушундай кайрылууну өкмөттүк, жергиликтүү акимчиликтин басылма жетекчилери президент К.Бакиевге жолдошту. Башкы редакторлордун ачык каты 4-августтагы «Кыргыз туусу», “В конце недели” гезиттеринде жарыяланды. Алардын пикиринде, өкмөттүк маалымдоо каражаттарын акционерлештирүүгө али эрте. «Экинчиден, өздөрүнүн финансылык кудуретсиздигинен улам көптөгөн ММКлар жергиликтүү олигархтардын же криминалитеттин бийлигинде калуу коркунучу бар», деп жазышат «Кыргыз туусу», «Слово Кыргызстана» жана облустук гезиттердин башкы редакторлору.
«Кыргыз туусунун» бүгүнкү санында профессор Үсөнбек Асаналиевдин «Көрбөгөндөр тоону да көрбөйт» деген макаласы жарыяланды. Анда автор эл жазуучусу, академик Түгөлбай Сыдыкбековдун эмдигиче Бишкекте эстелиги курулбагандыгы, аты бир көчөгө берилбегендиги тууралуу кеп кылат. “Горький менен Толстой көчөлөрү бар, Түгөлбай Сыдыкбеков көчөсү жок”, деп жазат макала автору.
Жогорку Кеңеш менен Коргоо министрлигинин ортосундагы талаш жума күнкү гезиттердин дээрлик баарында баяндалды. «Аскерден айдалган вице-спикер Жогорку Кеңештен аскерлерди айдап чыгабы?» деп суроо коет «Эркинтоо» гезити. Журналист С.Садыков мурда Бишкек менен Москванын ортосундагы өкмөттүк сүйлөшүүлөрдү камсыз кылып, кийин Коргоо министрлигинин карамагына өткөн Байланыш башкармалыгы ээлеп турган бөлмөлөрдүн Жогорку Кеңешке эч кандай тиешеси жоктугун аскер жетекчилери айтып жатышканын жазды.
Парламенттин төрага орунбасары Кубанычбек Исабековдун маалымат жыйынында болгон кеп-сөздөр ушул эле гезиттеги А.Чамашевдин макаласында чагылдырылган. К.Исабеков маалымат жыйынында Коргоо министри Исмаил Исаков өзү депутат болуп турган кезинде Жогорку Кеңеш регламенти тууралуу мыйзам даярдап, Байланыш башкармалыгы турган бөлмөлөр парламентке тиешелүү экенин тастыктаган. «Жогорку Кеңештин имаратында аскердик окуу өткөрүшкө Конституцияда, мыйзамдарда катуу тыюу салынган», дейт К.Исабеков.
Жогорку окуу жайлардагы бирин-бири кайталаган түзүмдөрдүн санын кыскартуу, талапка жооп бере албагандарын жоюу тууралуу Кыргызстандын билим берүү, илим, жаштар саясаты министрлигинин чечими ириде билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатын көздөйт. Бул иш керектүү адистиктерди даярдоо зарылдыгынан улам козголуп жатканы министр Досбол Нур уулунун коомчулукка кайрылуусунда белгиленген. Кайрылуу «Эркинтоо», «Жаңы кылым» гезиттеринде чыкты.
Жаңы муунга сапаттуу билим берүү, жогорку окуу жайдын баркын көтөрүү аракети Кыргыз улуттук Жусуп Баласагын атындагы университетинде жакшы жасалып келатканы ректордун милдетин аткаруучу Ырысбек Өмүркановдун «Эркинтоо» гезитиндеги маегинде да баяндалган.
Кыргызстандын эки дипломатынын АКШдан чыгарылышы тууралуу «Жаңы кылым» гезитинде Улан Совет уулунун “АКШ ааламды башкаргысы келеби?” деген макаласы жарыяланды. «Мамлекетибиз «эки дөө согушса ортосунда чымын кырылат» болуп Орусия менен АКШнын ортосунда чайналып турат. Канткен менен мейли экономикалык жактан, мейли географиялык жаткан же дагы башка жагынан алып карабайлы Кыргызстан Орусияга жакын», деп жазат макала автору.
«Кумтөр» алтын кениндеги тоо кыртышынын көчүп кетиши кыргыз экономикасын кыйла кысталыш кырдаалга капталтып койгону мурдагы өкмөт башчы Амангелди Муралиевдин «МСН» гезитиндеги маегинде белгиленген. Анын үстүнө өкмөт өзгөчө үмүт аркан «Жерүй» алтын кенин иштетүү да кыйла кечеңдегени турат. Британиялык компания кыргыз өкмөтүн эларалык сотко берди. А.Муралиев «Кумтөрдүн» алтын көп чыкчу жерлери негизинен иштетилип бүттү, эмдигиси кыйла жумушту талап кылчу түйшүгү көп жумуш, дейт.
Энергетика жаатында жоготуулар көп болууда. ИДП деңгээлинде ал 7,8% түзөт. А.Акаев акыркы мөөнөтүндө жакшы иштейт го деген үмүттө болчумун, бирок да ал жакшы иштеген жок. Азыркы жетекчилердин менден кеп-кеңеш сурайын деген деле ою жок окшойт, дейт А.Муралиев.
24-марттагы окуялар революциябы же бийликти тартып алуубу? Мына ушул суроонун айланасында чоң талашты чыгарышкан саясат таануучу Александр Князев менен экс-президент Аскар Акаев аягында келип революциянын жактоочулары болуп чыга келишкендиктери «МСН» гезитиндеги кесиптешибиз Эсенбай Нурушевдин «Эски-жаңы революциялар жөнүндө» макаласында талдоого алынган. А.Акаев абыдан демократиялуу өлкөдө революция болоруна ишенбей, бийлик алмашуусун төңкөрүш катары баалайт. Революция болсо кедей, жарды өлкөлөрдө көп болчу көрүнүш.
Биздин көз карандысыз соттор жарым сааттын ичинде бири-экинчисине кайчы келген кош чечимди колуңа карматышы толук ыктымал. Миллиондогон сомдук зыян тартып аткан инвестордун мындайда алакан жайгандан башка аргасы калбайт, деп маалымдайт «В конце недели» апталыгында Виктор Виноградов.
Мисалга кайрылалы. Алган кредит акчасын убагында кайтара албай калган Күрмөнтү цемент заводу «Кыргызстан» акционердик коммерциялык банкынан ээлигине өткөн. Банк заводду германиялык «Гейдельберг цемент» компаниясына сатып, чет элдик инвестор цемент заводду жаңылоо аракетине киришет. Бирок да сот чечими менен завод мурдагы ээсине кайтарылып берилет. Облустук сот чечимин Жогорку сот бузуп, завод кийинки ээсине кайтарылат. Бирок да облустук сот дагы чечим чыгарып заводду мурдагы ээсине кайтарат. Соттун саат сайын өзгөрүп турган чечимдерин көргөн инвестор Кыргызстанда жарым күн турбайт, деп белгилейт макала автору.
Бекташ Шамшиев, Бишкек