Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:49

ИСЛАМ МАМЛЕКЕТТЕРИ ЛИВАНДАГЫ КРИЗИСТИ ТОКТОТУУНУ ТАЛАП КЫЛЫШТЫ


Ислам конференциясы уюмуна кирген 20дай мусулман өлкөнүн башчылары Улуттар уюмуна кайрылып, Ливандагы кан төгүүнү токтотууну талап кылышты. Малайзияда өткөн чукул жыйынга Ирандын президенти Махмуд Ахмадинежад да катышты. Ислам конференциясы уюму Израил армиясынын Ливанда адам укуктарын одоно бузуп жатышын иликтөөгө чакырды.

Малайзияда чогулган Ислам конференциясынын жыйынында экранда көрсөтүлгөн кайрылуусунда Ливандын премьер-министри Фуад Синиора Израилдин куралдуу чабуулунан Ливанда 900дөн ашуун киши мерт болуп, дагы 3000дей адам жараат алганын маалымдады.

- Бул чабуулдар адамдардын өмүрү менен айлана-чөйрө, курулуштарга эбегейсиз зыян тийгизип, биздин өлкөнү кыйратып, экономиканы сызга отургузганы калды.

Бул сөздөрдү уккандан кийин жыйынга катышып отурган Ирандын президенти Махмуд Ахмадинежад Ливандагы кан төгүүнү токтотуш үчүн Израилди ооздуктоо зарыл деп белгиледи. Батыш мамлекеттери Ирандын бийликтери “Хезболланы” тымызын көкүтүп-колдоп турат деп шектенет, Ахмадинежад өзү бир нече ирет Израилди дүйнөлүк картадан алып таштоо керек деп айтканы бар. Ал айткандарын тастыктай, бул ирет да Ирандын лидери Палестина менен Ливандагы кандуу окуяларды токтотуш үчүн жөөт эли менен алардын колдоочулары болгон АКШ, Британияга бойкот жарыялап, обочолоп бөлүп таштоого үндөдү.

Пакистандын премьер-министри Шаукат Азиз башка мусулман өлкөлөрүнүн жетекчилеринин сөзүн улай, Израил-Хезболла эрегиши азыркы багытта өнүгө берсе, Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу үмүтү биротоло өчүп калышы ыктымал деп эскертти.

- Ок атышууну чукул арада токтотуп, чатак баштапкы себептерин аңдап-иликтеп, кырдаалды сүйлөшүүлөр аркылуу жөнгө салуу зарыл. Биз баарыбыз ушундай болушун каалайбыз жана дал ушул жол гана чатакты жөнгө салаарына ишенебиз.

Ислам конференциясы уюмунун Түркиялык башчысы Экмеледдин Ихсаноглу Израилдин Ливандагы Хезболлага каршы салгылаштары мусулман дүйнөсүндө кыжырданууну күчөтүп жатканына көңүл бурду.

Ислам конференциясы уюмунун чукул жыйынынын соңунда таратылган билдирүүдө Израилдин Ливандагы аракеттерине карата эл аралык кош стандарттуулук саясаты колдонулуп жатканы айтылат. Ошондой эле Тель-Авив Ливандагы материалдык жоготуулардын ордун толтуруп, акча төлөп берүүсү талап кылынат. 1 күндүк чукул жыйынды жапкан сөзүндө Малайзиянын премьер-министри Абдулла Бадави мусулман өлкөлөрүн Улуттар уюмунун Ливанда жайгаштырыла турган бейпилдик күчтөрүн бекемдей турган аскерлерин даярдап турууга үндөдү.

Ансыз да ушу тапта көптөгөн ислам мамлекеттеринин Израил менен дипломатиялык мамиле-катышы жок. Ислам конференциясы уюмуна кирген башка өлкөлөр да Израил Ливандагы аскердик аракеттерин уланта берсе, ири кыйроолорго алып келээрин эскерткен билдирүүгө кошулушту.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG