Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:43

ИЗРАИЛ ЛИВАНГА КАРШЫ ЧАБУУЛУН КҮЧӨТТҮ


Израил кайрадан Ливанга чабуулун күч алдырып, анын согуштук учактары Бейруттун түндүк жана түштүк кылаасын бомбалады. Ал эми чек ара тарапта жөө аскерлер Хeзболланын согушчандары менен салгылашып жатат. Анын аралыгында Хезболла эки тараптан тең согуш аракеттерин токтотууну сунуш кылып, эгер Израил Бейрутка кол салса, Тел-Авивди бомбалай тургандыгын эскертти.

Израил учактары бүгүн Бейруттун түштүк кылаасына жана Түштүк Ливанга 100дөн ашык ракеталык чабуул жасады. Ал эми Израил жана Хезболлла аскерлери согушуп жаткан чек ара тарап замбиректен аткыланды.

Абадан сокку урулганда, кеминде эки карапайым ливан атуулу жана бир аскер набыт болду. Ал-Арабия сыналгысына тараткан кабарга караганда, түштүктөгү Маркаба айлына жакын жердеги салгылашта Изриалдин беш аскери окко учту. Израил бул кабарды тактап, же төгүндөй элек. Бейруттун түндүгүндө Израилдин учактары төрт көпүрөнү жардырып, түндүккө кетүүчү кан жолду бомбалап салды.

Кечээ Хезболла Израилге бир саатка жетпеген убакытта 100дөн ашык ракета атканда, сегиз Израил аскеринин жана төрт карапайым кишинин каны төгүлгөн эле. Бул күн хезболлачылар чек арадан өтүп барып, эки израил аскеркерин барымталап кеткенден кийин башталган үч жумадан берки салгылаштагы Израил үчүн эң чыгашалуу күн болуп калды. Бейшембиде ошондой эле Хезболланын жол башчысы Хасан Насралла Ал-Мана сыналгысынан Израилге элдешүүнү сунуш этти:

- Эгер биздин шаар-кыштактарга, атуулдарга жана инфраструктурага каршы өнөктүктү токтотсоңор, биз да дароо силердин турактарды же шаарларды ракета менен атууну токтотобуз.

Бир эле мезгилде Насралла эгер Израил Ливандын баш калаасынын өзүнө кол сала турган болсо, Хезболла муну жоопсуз калтырбайт деп эскертти:

- Эгер биздин байтактыны бомбалай турган болсоңор, биз силердин карөзгөй өлкөңөрдүн баш калаасын жайрандайбыз. Бейрутка кол салсаңар, Алланын жардамы менен, Исламдык каршылык көрсөтүү кыймылы Тел-Авивге кол салат.

Түштүк Ливанды Хeзбoлланын согушчандарынан арылтуу ниетинде Израил 20 айыл кирген 7 чакырымда буфердик зона түзгөндүгүн билдирүүдө. Аймакта Израилдин 10 миң чакты аскери бар. Израил армиясы эгер өкмөттөн көрсөтмө болсо, бул тилкени Ливандын ичин көздөй 15 чакырымга кеңейте тургандыгын айтууда.

Анын аралыгында, Бириккен Улуттардын Коопсуздук кеңешинин 15 мүчөсү бүгүн Ливан боюнча талкуу өткөргөнү жатат. Кабарларга ылайык, кеңеш убактылуу элдешүүнү караган резолюцияны карамакчы. Бирок дипломаттар резолюция келерки аптага чейин даяр болоору күмөн экендигин айтып жатышат.

Жаныл Жусубжан

XS
SM
MD
LG