Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:22

КУРУЛТАЙДА САЯСИЙ МАСЕЛЕЛЕР КОЗГОЛУШУ ЫКТЫМАЛ


5-августта Бишкекте Кыргызстан элдеринин Ассамблеясынын бешинчи курултайы болот. Курултайда улуттар аралык мамиле, Ассамблеянын ишин өркүндөтүү менен катар саясий маселелердин талкууланышы да күтүлүүдө.

Кыргызстандагы улуттардын башын кошкон Кыргызстан элдеринин Ассамблеясы 1994-жылы уюшулган. Мурунку бийликтин тушунда төрт ирет курултайын өткөргөн. Жаңы бийлик тушунда алгачкы, бешинчи курултай 5-августа өткөрүлмөкчү. Курултайды өткөрүүнү уюштуруу тобун Мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров жетектеди.Кыргызстан элдеринин Ассамблеясынын кеңешинин төрагасынын милдетин аткаруучу Касым Чаргынов курултайдын күн тартиби тууралуу буларды билдирди:

-Курултайда Кыргызстанда жашаган улуттардын өнүгүү концепциясы, Ассамблеянын өнүгүү стратегиясы кабыл алынат. Улуттар аралык мамилени чыңдоонун жолдору аныкталат. Ассамблеянын жаңы уставы кабыл алынып, кеңештин жаңы мүчөлөрү, Ассамблеянын ардактуу төрагасы шайланат.

Курултайда тил жана башка саясий маселелер козголушу ыктымалдыгын анын уюштуруучулары жокко чыгарышпайт.

-Толук ыктымал. Эч кимди чектеген жокпуз. Тогуз ораторго сөз берилет. Жети облустун өкүлү сүйлөйт. Аны сүйлөйсүң, муну сүйлөйсүң деп айткан жокпуз. Ар ким өзүнүн жүрөктө өйүгөн, чогулган маселесин айтат,- дейт Касым Чаргынов.

Кыргызстандагы орустардын «Гармония» улуттук маданий борборунун башчысы Игорь Курбатов курултайда сүйлөөр сөзүндө тил, конституциялык реформа маселесин көтөрөрүн билдирди:

-Менин сөзүм мамлекеттик башкаруу системасы, улуттар аралык мамиле жана орус тилинин расмий статусун камтыган маселелерге байланыштуу болот. Биз Кыргызстанга президенттик башкаруу системасы ылайыктуу жана орус тили расмий статусун сактап калыш керектигин айтабыз.

Ал эми өзбектердин улуттук маданий борборунун лидери Махамаджан Мамасаидов курултайда улуттар аралык мамилеге орчундуу көңүл бураарын билдирет:

-Тил тууралуу сөз козголбойт. Конституциялык реформа, жалпысынан саясатка аралашкан сөз кылбайбыз. Биз Ассамблеянын структурасын жаңыртуу, ишин жакшыртуу тууралуу сунуштар, пикирлерди айтабыз.

Курултайдын жүрүшүндө Кыргызстан элдеринин Ассамблеясынын төрагалыгына президент Курманбек Бакиевди шайлоо белгиленүүдө. Анын зарылчылыгын Касым Чаргынов мындайча түшүндүрдү:

-Муну көтөрүүбүзгө зарылчылык Искра айлындагы окуядан кийин чыкты. Бизде улуттар аралык мамилени тейлеген мыйзам, атайын орган жок. Мына ошого байланыштуу президентке кайрылып, улуттар аралык мамилени тескеген органды түзсөңүз. Ага чейин Ассамблеяны өзүңүз баштап, андай орган керектигине ынансаңыз деп сунуштап жатабыз.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG