Украинанын 15-өкүмөт башчысынын жума күнкү депутаттар алдында айткан ыраазылык кебинде «Бул залда жаат-жаат болуп кармашуу мындан ары дайыма болуп турат. Ал демекчи, бири-бирине жол берүү аркылуу тараптарга керектүү чечимди издөө дегендик. Биздин максат кимдир бирөөнү омуроолого салып жолдон түртүп салуу эмес, биздин максат өлкөнүн биримдигин сактоо», - деген.
Кыстара кетчү кеп Янукович 2002-жылдан 2005-жылга дейре Украинанын өкүмөт башчысы болуп турган.
Ошол эле жума күнү түнү Жогорку Радада жаңы премьер-министрликке оболтон атаандашы болуп келе жаткан Януковичти сунуштоодо президент Виктор Ющенко "өкүмөт мындан ары толгон-токой карама- каршылыктын фабрикасына айлануусун коюп алдыда кандай кыйын маселе болбосун аны аңдап чече алган институтка айлануусу зарыл», - деген.
Бейшемби күнү буга дейре айтылып келаткан «Улуттук биримдигинин универсалдуулугу» келишиминин этегине «Биздин Украина», Региондор пратиясы жана Социалисттик партия лидерлери колдорун коюшкан. Анализчилер дал, ошол келишимдин жердигинде Украина мамлекетинин тышкы жана ички саясатын кантип жүргүзүүнүн жолдору жазылыптыр, деп айтышат.
Эксперттердин дагы бир чөйрөсү «Универсалдуудук» келишимде президент Ющенко өзү түшкөн жолдун – баарыдан мурда - Батышка чукулдашуу жана «саргыч ыңкылаптын» жеңип алган демократиялык баалулугун сактоо үчүн кепил болор негиз бар деп эсептейт дешет.
Мындан ары Украинанын бийлик жүргүзүүсү көп жактуу болорун да айтышат. Орусия менен болуучу алакада, маселен, Кремль, бир эле президент менен эмес эми Жогорку Рада жана премьер-министрдин да макулдугун алып иш жүргүзүүгө тийиш дешет.
Буга дейре өкүмөт башчы болуп келген Юрий Ехануров айтканга караганда, өлкөнүн тышкы саясатында өзгөрүү болбойт. Мамлекет буга дейре түшкөн жолунан тайбайт. Ага кепилдикти «Универсалдуулук» келишими берет, ошондуктан Маскөө менен болуучу мамиле да өзгөрбөйт:
- Мен, Украинаны тышкы саясатын Орусиядан бөлөктө, өз алдынча жүргүзөт экен деп ойлобойм. Бирок, биздин Европаны карай бара беришибизден да мен күмөн санабайм, - деди Ехануров мырза бүгүн "Азаттык" аркылуу айткан пикиринде.
«Азаттыктын» Киевдеги кабарчысы Владимир Ивахненко билдиргенге караганда өкүмөттүк кеңседеги 24 орундун 15 оруну Региондор партиясынын мүчөлөрүнө, 7 орун президенттик «Биздин Украина» жана 2 орун социалистерге тийген. Коммунистерге министрлик орун тийген эмес ал эми Юлия Тимашенко тобунун депутаттары олтурумга келбей коюшкан. Ал тургай алардын, премьер-министрлик орунга Януковичтин бекишине макулдугун берип, президент, «саргыч ыңкылаптын» мүдөөлөрүнө чыккынчылык кылды деп баалап, бийликке оппозицияга өтүп атышканы да белгилүү болду.
-Тимошенкоунун блогу көмүскөдөгү өкүмөт түзүүгө даяр экендигин билдирди, - деди "Азаттык" кабарчысы.
Муса Мураталиев, Маскөө калаасы