Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:09

ЛИВАН РЕЗОЛЮЦИЯНЫ ЧЕТКЕ КАКТЫ, СОГУШ УЛАНУУДА...


Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга кененирээк токтолсок Франция менен Кошмо Штаттары Ливандагы согушту токтотуу боюнча БУУнун резолюция долбоору боюнча мунасага келишти. Ага карабастан Ливандагы кан төгүү токтогон жок. Ливан резолюциянын долбоорун четке какты.

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин резолюциясынын долбоорунда "Хезбулла" менен Израилдин ортосундагы согуштук аракеттерди толугу менен токтотуу каралат. Британиянын өкмөт башчысы Тони Блэр кечээ долбоорду бир айга аяк басып калган согушту токтотуу багытындагы алгачкы кадам деп мүнөздөдү:

- Бул келишим өтө маанилүү кадам экендигинде калет жок, маанилүү жылыш.

Бирок, долбоорго колдоо анчейин болгон жок. Ливандын өкмөт башчысы Фуад Синиора долбоорду "максатка ылайыксыз" деп четкек какты. Ал эми Ливандын БУУдагы элчиси Ноухад Махмуд долбоорду түзүү аракеттерине баа бергени менен, анда Израил аскерлерин Ливандан чыгаруу тууралуу сөз болбогонун сынга алды.

Долбоордо согуш аракеттерин толугу менен токтотуу жана узак мезгилдүү саясий келишим жетишилгенден кийин, Түштүк Ливанда буфердик тилкеге эл аралык күчтөрдү жайгаштыруу каралат.

"Хезбулла" да Израил согушту токтотуп, бардык аскерлерин Ливандан чыгарып кеткенден кийин гана элдешүүгө макул болоорун эскертти. Израил өкүлдөрү өкмөт резолюциянын долбоору менен таанышып жаткандыгын билдирүдө. Бүгүн Коопсуздук кеңешинде жаңы талкуулар күтүлүүдө, ал эми келерки жуманын башында добуш берилет.

Ливан жетекчилери долбоордун кошумча-алымчасын сунуш этээрин, анда дароо глобалдык элдешүүгө жетишүүнүн жети шарты болоорун билдирди. Ал шарттардын арасында туткундар менен алмашуу жана түштүк Ливанда ливан аскерлерин жайгаштыруу каралмакчы.

Рабл Елиас сыяктуу Бейруттун тургундары дипломатиялык аракеттерден майнап болооруна анчейин ишене бербейт:

- Согуш бүтө элек. Ливандагы согуш бүтпөйт. Ишенип койгула. Ливандагы эл аралык согуш көп жылдардан бери жүрүп жатат.

"Хезбулланын" чабуулунан Израилде тогуз, ал эми Израилдин түштүк Ливанды бомбалоосунан беш киши курман болду. Израил аскерлери менен "Хезбулла" күчтөрүнүн ортосундагы салгылаш да уланып жатат.

Жаңыл Жусупжан, Прага

XS
SM
MD
LG