1916-жылдын бул күнү кыргыз элинин улуттук боштондук кыймылы башталган. Убактылуу өкмөттүн комиссары М. Бройдонун маалыматына караганда, кыймылдын башталышына “Кемин өрөөнүндөгү Новороссийка кыштагынын кыргыздары жергиликтүү орус дыйкандарын кырыптыр” деген кабарды беймаалым адамдын Токмок шаарына жеткириши себеп болгон. Токмок шаарында жашаган орустар бул кабарды уккандан кийин, кол топтоп, куралданышып Кеминге аттанышкан. Жолдо алар кезиккен кыргыздарды кырышып, алардын айыл-кыштактарын талкалап жүрүп отурушкан. Орус отряды Новороссийка кыштагына келишип, мындагы кыргыздардын бейкам эле талаада иштеп жүргөнүн көрүшкөн. Анткен менен орустардын кыргыздарды кыргандыгы туурасындагы кабар Түндүк Кыргызстанга тездик менен тарап, кыргыздар орус аскерлерине эле эмес, алардын айыл-кыштактарына кол салып башташкан.
1916-жылдын бул күнү Хисамутдин Шабданов Жетисуу облусундагы боштондук кыймылдын жетекчилеринин бири Канат Абукинге Пржевальск уездинин айрым айылдары Кытайга жер которо тургандыгын билдиришкен. Анын себебин алар орус бийлигинин астында аскер кызматын өтөбөй тургандыгы менен түшүндүрүшкөн.
1875-жылдын бул күнү кокондук атчандар Ташкенден 70 чакырым алыстыкта орун алган Төлү чекара күзөтүнө кол салышкан. Ушул эле күнү генерал-лейтенант Головачев баштаган падыша аскерлери козголоңчуларга каршы жөнөтүлгөн.
Кыргызстан наркому И.П. Лоцмановдун 1939-жылдын 7-августунда берген көрсөтмөсүнө ылайык 1937-жылкы Кыргызстан КП (б) БКнин I съездине делегат болуп шайлангандар толугу менен калк душмандары атанып, сот жообуна тартылышкан. Үчилтик атанган партиялык жазалоо курамы тарабынан 5110 адам соттолгон. Ал эми Четвертаков жана Лоцмановдун тушунда Кыргызстанда 7610 адам жазаланып, алардын көбү атылып, айрымдары дарексиз жоголуп кеткен.
Бул күнү, 1782-жылы Петербургдагы Перт I “Медный всадник” эстелиги тургузулуп, 1907-жылы орус физиги Б. Розин теле көрсөтүү системасын ачып, ага патент алып, 1903-жылы англис археологу Луи Лики, 1904-жылы америкалык дипломат, Нобель сыйлыгынын лауреаты Ральф Банче, 1945-жылы композитор Александр Журбин дүйнөгө келген.
Муратбек Кожобеков, Бишкек