Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:53

ОШТО ДАГЫ БИР КУРАЛДУУ ТОП ЖОК КЫЛЫНДЫ


Улуттук коопсуздук кызматтынын өкүлдөрү 6-августа кечки саат 10дон өткөн мезгилде Ош шаарында атайын операция өткөрүп, анын жүрүшүндө куралдуу үч атуулду жок кылышкан. Бул тууралуу УККнын өзүн Нурбек Токбаев деп атаган жооптуу кызматкери билдирди. Маалыматка караганда, «Дэу Нексия» автунаасы токтотууга берилген буйрукту аткаруудан баш тартып, андагы жарандар тартип коргоо органдарына каршы ок атышкан. Улуттук коопсуздук кызматкерлеринин жооп огунан автоунаадагы үч атуул өлтүрүлгөн. Автоунаадан бир автомат, беш граната, карта, диний китепчелер жана көп сандагы ок дары алынган. Учурда тергөө иштери жүрүп, алардын тарапкерлери изделүүдө, деп кошумчалады Нурбек Токбаев.

Кыргызстандын күч структуралары бул күндөрү Өзгөн шаарында «Антитеррор - 2006» биргелешкен машыгуусун өткөрүүдө. Ага Улуттук коопсуздук кызматынын, Ички иштер министрлигинин, Чек ара кызматынын жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкелери катышууда.

Айданбек Акматов, Бишкек

 

XS
SM
MD
LG