Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:37

ЖАКЫНКЫ ЧЫГЫШТАГЫ ЖАҢЖАЛДЫН КЕДЕРГИСИ КЫРГЫЗСТАНГА ДА ТИЙҮҮДӨ


Израил менен Ливандын ортосундагы бир айга аяк басып калган чатак бүтүндөй дүйнө коомчулугунун көңүл борборунда турат. Бириккен Улуттар Уюму Жакынкы Чыгыштагы абалды жөнгө салуу боюнча резолюцияны сунуш кылды, бирок аны кабыл алууга Ливан каршы болуп жатат. Ал эми Израил 6-августтагы “Хезбулланын” чабуулунан кийин Ливандагы аскерий операцияны кеңейтүүнү пландаштырууда. Кыргызстандын айрым байкоочулары бул жаңжалдын күчөп кетиши Кыргызстанга да өз кедергесин тийгизип жатат деп белгилешүүдө.

“Хезбулланын” кечээки чабуулунан кийин Израил армиясы Ливандагы аскерий операцияны кеңейтүүнү пландаштырууда. Жакынкы Чыгыштагы чатак мындан ары да ырбап кетсе, башка араб өлкөлөрүндө да кырдаал курчуп, согуш чыгып кетиши мүмкүн деген тынчсыздануусун саясатчы, коомдук ишмер Ишенбай Абдразаков “Азаттыкка” сүйлөгөн сөзүндө билдирди:

-Израилдин таяна турган күчү болуп жатат. Бул Америка жана Англия мамлекеттери. Эгерде алар башынан эле күчтүү позицияда турганда, Израил буга бара алмак эмес. Согуш акырындан кошуна өлкөлөргө жайылып кетпесе экен деген коркунуч дагы эле сакталууда,- дейт Ишенбай Абдразаков.

Ливан-Израил чатагын жөнгө салуу боюнча Бириккен Улуттар Уюму сунуштаган резолюциянын долбооруна Ливан мамлекети макул болгон жок. Себеби ырасмий Бейруттун пикири боюнча долбоордо Израил аскерлерин Ливандын аймагынан чыгарып кетүү жана согушту биротоло токтотуу мөөнөтү каралган эмес. Буга чейин Ливандын премьер-министри Фуад Синиора бул резолюция Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши койгон максаттарга жооп бербейт деп билдирген.

“Саясат, дин жана коопсуздук” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Орозбек Молдалиев Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды тынчтык жолуна салууда Бириккен Улуттар Уюмунун алы келбейт деп эсептейт:

-Бириккен улуттар уюмунун көп эле нерселерге алы жетпей жатпайбы. Качан гана коопсуздук кеңешине кирген беш мүчө- өлкө бирдиктүү чечимге келгенде БУУнун бул чатакты чечүүгө алы жетет. Бул жерде маселенин түбү Израил менен Палестинанын ортосундагы талашта жатат.

Франция жана АКШ тарабынан даярдалган. Резолюциянын долбоорунда "Хезбулла" менен Израилдин ортосундагы согуштук аракеттерди толугу менен токтотуу каралган. Расмий Британия аталган долбоорду Ливан менен Израилдин ортосундагы согушту токтотуу багытындагы алгачкы кадам деп мүнөздөдү.

Жакынкы Чыгыштагы кырдаал араб өлкөлөрүнө гана эмес, Борбор Азия мамлекеттерине, анын ичинде Кыргызстанга да өз кедергесин тийгизбей койбойт. Ошондуктан бул маселени күч жолу менен эмес, сүйлөшүү гана жолу менен чечүү керек, дейт “Менин өлкөм” саясий партиясынын лидери, саясатчы Зайнидин Курманов :

-Азыркы татаал кырдаалды токтотпосо бул чатак уламдан улам күчөй берет. Дагы 30-40 жылга уланат. Ошону үчүн бардык чатактар бир гана жол менен - саясат жолу менен чечилиши керек,-деди Зайнидин Курманов.

Кыргызстанда терроризмдин, диний экстремизмдин күчөп кетиши Жакынкы Чыгыштагы абал менен түздөн түз байланыштуу экенин “Саясат, дин жана коопсуздук” бейөкмөт уюмунун жетекчиси, саясат таануучу Орозбек Молдалиев белгилейт:

-Жакынкы Чыгыштагы терроризмдин изи бизге да жетти. Мына 1999-жылдагы Баткендеги окуялар, быйылкы окуялар Жакынкы Чыгыштагы абал менен байланышта, -дейт Орозбек Молдалиев.

Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдын башталганына 27 күн болду. Айрым маалымат булактары кабарлагандай, ушул убакыттын ичинде Израилде 94 адам , Ливанда миңге жакын адам каза болду.

XS
SM
MD
LG