Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:39

УКК КЫЗМАТКЕРИ АЛДАЯР ИСМАНКУЛОВ АКТАЛДЫ


Бишкек гарнизондук аскердик соту 4-августта УКК кызматкери Алдаяр Исманкуловду актаган чечимин чыгарды. Ички иштер министрлигинин кызматкерлери Исманкуловду 17-январь күнү катталбаган курал менен баңгизатты машинасында алып жүргөн деп кармашкан эле. Бирок Исманкуловдун минтип сот тарабынан акталышы коомчулукта түрдүү пикирлерди жаратууда.

УККнын кызматкери Алдаяр Исманкуловдун адвокаты Икрамидин Айткуловдун маалымат каражаттарына берген маалыматы боюнча, Бишкек гарнизондук аскер соту Исманкуловдун аракеттеринде кылмыш жок деп аны актаган чечимин чыгарды.

Угармандардын эсине сала кетүүчү нерсе, Алдаяр Исманкуловго байланышкан иш боюнча жыл башында парламентте жана коомчулукта бир топ дүрбөлөң болгон. Депутаттар ошол кезде ашынган кылмышкер болушу мүмкүн деп шектелип жаткан Исманкуловду УКК канатына калкалап келгенин айтышып, коопсуздук кызматынын ошол убактагы жетекчиси Таштемир Айтбаев менен коопсуздук кеңешинин орун басары Валерий Ханды кызматтан алууну президенттен талап кылышкан.

Ал эми Алдаяр Исманкуловду кармаган милиция органы тергөө ишин жакшы жүргүзүүгө коопсуздук кызматы менен Башкы прокуратура бут тосуп жаткандыгын билдирген.

Алдаяр Исманкуловдун жанынан катталбаган тапанча, баңгизат жана башка курал-жарак табылганын ошол кезде парламенттин трибунасынан маалымдаган ИИМдин орун басары Өмүрбек Субаналиев мына ушунун өзү кылмыш деп баса белгилеген эле.

УККнын кызматкеринин аскердик сот тарабынан акталып чыгуусуна ички иштер органы азырынча оюн билдире элек. Ал эми ашынган кылмышкер болуусу мүмкүн деп шектелип жаткан адамды калкалаганы үчүн УКК нын төрагасын кызматынан кетүүсүн талап кылган Жогорку Кеңештин бир депутаты Азимбек Бекназаров мындан башка жыйынтык күтүүгө мүмкүн эмес эле деген пикирин билдирди. Анын айтымында, ИИМ ошол кезде эле Исманкуловго толук күнөө кое алган эмес:

-Биз эртеси күнү текшергенде Исманкуловдун Санатбаевдин өлүмүнө катыштыгы жок деп Субаналиев өзү кайра айтып чыккан. Мен ошондо эле унчуккан эмесмин,- дейт Азимбек Бекназаров.

УУКнын кызматкери Алдаяр Исманкуловдун ИИМ тарабынан кармалышы жана анын үстүнөн кылмыш ишин козгоого милицияга башка күч органдары тарабынан бут тосулуп жатат деген маалыматтар “бийлик кылмыш дүйнөсү менен биригип кетти” деген сын-пикирлердин айтылышына негиз берген.

Айрым талдоочулар Кыргызстандагы кылмыш дүйнөсүнүн төбөлү деп аталган Рысбек Акматбаевдин өлүмү күч органдарынын ортосундагы бөлүнүүгө чекит койгондугун белгилешет. Бирок ошентсе да коомчулук тарабынан кылмыштуулукка каршы чечкиндүү күрөш жүрбөй жатат деген айыптоолор бийликтин дарегине дагы деле айтылып келүүдө.

- УККнын кызматкеринин мыйзамсыз курал-жарак менен кармалып, тергелип, кайрадан минтип сот тарабынан акталып жатышы—анын бийликке тиешелүү экендигин билдирип турат. Мындай бийликти алмаштырыш керек,- деди “Элим менен элим үчүн” коомдук фондунун төрагасы Аманбай Сатыбаев.

Алдаяр Исманкуловдун адвокатынын айтуусунда, айыптоочу тарап эгер Бишкек гарнизондук аскер сотунун чечими менен макул болбосо, Исманкуловдун иши республикалык аскердик сотунда жана Жогорку сотто каралышы мүмкүн.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG