ЮСАИДдин аймактык миссиясынын өкүлү Клиффорд Браун IFES эл аралык кору аркылуу Кыргызстанга көрсөтүлгөн жардамдын аркасында былтыркы парламенттик жана президенттик шайлоо мурдагы шайлоолорго караганда ачык, айкын өткөндүгүн билдирди. Ал негизги жетишкендик бармакка түзсүз сыя сүртүү менен шайлоолордо кайталап добуш берүүгө бөгөт коюлганын белгиледи. Браун ошондой эле кыргыз бийлиги эгерде референдум, шайлоо өткөрүүгө жардам сурап USAID агенттигине кайрылышса, аталган агенттик жардамын аябастыгын айтты.
“Жарандык коом коррупцияга каршы” уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилованын пикиринде, ЮСАИД Кыргызстандагы өкүлдөрүнө көлөмдүү суммадагы айлык маяналарды берүү менен чектелбей, техникалык жардамдан тышкары ар кандай окутуу программаларын өткөрүп, шайлоо Кодексине өзгөртүү киргизүүгө салым кошсо пайдалуу болмок.
-Акыркы саясат абдан ыпылас саясат болуп атат. Анткени, шайлоонун форматына караганда мыйзам жагынан эч кандай өзгөрүүлөр болбой эле, чет элдик уюмдар виртуалдык жардам берип жаткандай туюлат.
Төлөйкан Исмаилова белгилегендей, өлкөдө шайлоо мыйзамына маани берилбегендигинен, Шайлоо Кодексинин одоно бузулушунан март окуясы келип чыккан. Жакында эле Куршаб шайлоо округунда шайлоочулардын кагылышуусу чоң чатакка айланып кете жаздаган. Шайлоо боюнча мыйзамдуулук сакталбаса мындай көрүнүштөр кайталана берет, дейт Исмаилова.
IFES эл аралык корунун директорунун орун басары Дмитрий Шевчук Куршаб шайлоо округундагы шайлоодо шайлоочулардын колуна түзсүз сыя сүртүү ыкмасы колдонулбаган себебине токтолду.
-Куршаб шайлоо округунда кайталап шайлоо өткөрүү болгон жок. Ал жерде эки талапкердин укуктук нормалардан тышкары эрегишүүсү болду деп ойлойм. Ошондуктан кайталап өткөрүлгөн шайлоо тынч маанайда өткөндө гана маркировка колдонулат.
Дмитирий Шевчуктун айтымында, эгерде шайлоо комиссиялары сүйлөшүп алып, шайлоо участкаларына байкоочуларды катыштырбаса, жабык өткөрүүгө аракет кылса андай шайлоодо эч кандай техникалык каражаттар да жардам бербейт.
Ал эми “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Эдил Байсалов шайлоодо техникалык каражаттарды, түзсүз сыя колдонуу ыкмасын 10-15 жылга чейин колдонуу керектигин, антпесе айрым чиновниктер, акчалуу талапкерлер шайлоо, референдумдарды бурмалап жиберишерин айтты.
-Бизде депутаттыкка, президенттикке талапкерлер бар, айрым чиновниктер бар шайлоону, референдумдарды бурмалап акча менен чечели деген.
Байсалов белгилегендей, эл аралык уюмдар Кыргызстанда таза, ачык, калыс шайлоо өткөрүүгө далалат кылып атышкан соң, кыргыз бийлиги, жарандык коомдор аларды колдоого алуусу зарыл.