Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:45

ОППОЗИЦИЯ ЖӨНҮНДӨ МЫЙЗАМ БИЙЛИКТИН ӨЗҮ ҮЧҮН КЕРЕК


Азиза Турдуева, Бишкек Учурда коомчулукта Кыргызстандагы оппозициянын жана оппозициялык ишмердүүлүктүн укуктук кепилдиктери жөнүндөгү мыйзам долбоору талкууланууда. Аталган мыйзам долбоорунда оппозициялык уюмдун жарыяланышынын жолдору, анын укуктары жана милдеттери, ишмердүүлүгүнүн укуктук негиздери каралган.

Оппозиция жөнүндөгү мыйзам долбоору “Ар-намыс” партиясы тарабынан даярдалды. Мыйзам долбоорунда өлкөдөгү конституциялык түзүлүштү кулатуу же күч менен өзгөртүү максаттарын, согушту пропагандалоо, мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн бузуу аракеттерин көздөгөн оппозициялык уюмдардын ишмердүүлүгүнө тыйуу салынат.

Белгилүү болгондой, оппозиция – бул саясий максаттарды көздөгөн, президент, аткаруу бийлиги, парламент тарабынан жүргүзүлгөн ар кайсы тармактардагы иш-аракет, саясатка альтернативалуу, сын көз караштагы уюм.

Мыйзам долбоорун иштеп чыккан “Арнамыс” партиясынын өкүлү Бөдөш Мамырованын пикиринде, оппозиция жөнүндөгү мыйзам кабыл алынышы зарыл:

“Биздин партия оппозиция жөнүндөгү мыйзамдын зарылдыгы тууралуу март ыңкылабына чейин эле айтып келген. Анткени, бул мыйзам оппозициянын ишмердүүлүгүн жөнгө салат, анын укуктарын, милдеттерин аныктап, ошол эле учурда оппозиция менен бийликтин өз ара мамилелерин жөнгө салат. Ошондуктан, бул мыйзам өлкө үчүн, коом үчүн керектүү мыйзам болот деп эсептейбиз”, - дейт Бөдөш Мамырова.

Долбоорго ылайык Кыргызстанда оппозиция өз ишмердүүлүгүн жалпы таанылган принциптердин, эл аралык укуктук нормалардын жана өлкөдө ратифицикацияланган эл аралык макулдашуулардын негизинде жүргүзүлөт.

Оппозиция, ошондой эле, нааразылык акцияларды өткөрүү, өз максаттары тууралуу эркин маалымат таратуу, президенттин жана башка бийлик бутактарынын саясатын ачык сындоо жана башка укуктарга ээ. Ал эми мамлекет оппозициялык уюмдардын укуктарынын сакталышына, алардын эркин ишмердүүлүгүнө кепилдик берүүгө милдеттүү болуп эсептелет.

Мыйзам долбоорунда каралгандай, президент менен өкмөт башчы жылына бир же эки ирет оппозициянын өкүлдөрү менен жолугуп турууга тийиш.

Бир катар саясатчылар оппозиция жөнүндөгү мыйзам долбоорунун март ыңкылабында бийлик алмашкандан кийин кабыл алынышы күтүлүп жаткандыгы - мыйзам ченемдүү көрүнүш катары сыпатташууда. Анын себеби азыркы бийлик өкүлдөрү оппозицияда болгондугу үчүн экс-президент Аскар Акаевдин учурунда куугунтуктоолорду өз башынан өткөргөндүгү менен байланыштырылып жатат. Мындай оюн “Менин өлкөм” партиясынын өкүлү Курманбек Дыйканбаев да айтты:

“Азыркы бийликтин өкүлдөрү мурдагы бийлик тарабынан көп запкыларды көрүштү. Бул бир четинен өлкөдө оппозиция жөнүндөгү мыйзамдын жоктугуна байланыштуу болгон. Ошондуктан, алар бул мыйзамдын кабыл алынышынын зарылдыгын абдан жакшы түшүнүшөт. Оппозиция жөнүндөгү мыйзам өлкөдө стабилдүүлүк болушу үчүн, башаламандыктарды алдын алуу үчүн да керек”, - деди Курманбек Дыйканбаев.

“Демократиялык өлкөдө оппозициянын орду чоң. Демократияны оппозициясыз элестетүү мүмкүн эмес. Бийликте турган адамдар оппозициянын ишмердүүлүгү үчүн шарт түзүп берүүгө тийиш. Ошондо өлкө да, коом да, бийлик да утат. Оппозиция жөнүңдөгү мыйзамдын кабыл алынышы демократиялык өнүгүүдөгү дагы бир кадам болот. Бийлик ошол мыйзамдын негизинде оппозиция менен конструктивдүү кызматташышы керек”,- дейт Бакыт Бешимов, "Демократиялык күчтөрдүн биримдиги" партиясынын тең төрагасы.

“Арнамыс” партиясынан билдиришкендей, күзүндө оппозиция жөнүндөгү мыйзам долбоору парламенттин кароосуна сунушталат.

XS
SM
MD
LG