Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:46

КОНСТИТУЦИЯ ДОЛБООРУНДА ПРЕМЬЕР-МИНИСТРДИН КЫЗМАТЫ КАРАЛГАН ЭМЕС


Атайын түзүлгөн жумушчу топ тарабынан Кыргыз Республикасынын конституциясынын үч түрлүү долбоору жазылып, 27-июль күнү мамлекет башчыга тапшырылды. Үч долбоордун экөөндө премьер-министрлик институт жоюлуп, аткаруу бийлигин да өлкө Президенти өзү жетектейт. Бакиев-Кулов тандеминин убагында мындай конституция долбоорлорунун сунушталышы түрдүү пикирлерди жаратууда.

Президент Бакиевге тапшырылган жаңы конституция долбоорлорунун бири президенттик башкарууга, бири парламенттик башкарууга, үчүнчүсү аралаш башкарууга негизделген. Бирок, үчөөнүн тең 80 пайызы – мамлекеттин түзүлүшү, сот бийлиги, өзүн-өзү башкаруу, адам укуктары ж. б. опокшош. Премьер-министрлик институтка келгенде гана айырма чоң. Президенттик башкаруу менен аралаш башкарууда премьер-министрлик институт жоюлган. Аткаруу бийлигинин башында дагы Президент өзү турат. Ошол эки долбоорду Кыргыз Республикасынын азыркы Президенти Курманбек Бакиевдин ички каалоосу менен байланышкандар да жок эмес.

-Кандай болбосун бийликти үч бутакка бөлүш керек. Ошонун гаранты Президент болуш керек. Антпей эле аткаруу бийлигин колго алууга жулунуп атышпайбы. Себеби, аткаруу бийлигинде май-токоч бар. Президент аткаруу бийлигин да башкарганда ошо Президентти Жогорку Кеңеш көзөмөлдөй албай калат. Экинчиден, анда сот бийлигин Президент, демек, аткаруу бийлигинин башчысы сунуштайт. Ошентип сот бийлиги аткаруу бийлигине көз каранды болот, мыйзам бузууларына көз жумду мамиле кылат,-коомдук ишмер Бегиш Аматов.

Кыргызстан ишкерлер союзунун төрагасы Өмүрбек Абдрахманов конституциянын эки долбоорунда премьер-министрлик институттун алынып ташталышы Бакиев-Кулов тандеминин шектүүлүгүнөн кабар берет деп эсептейт:

-Бул өзү жасалма тандем болчу да. Кыргызстан түштүк-түндүк болуп бөлүнө түшпөсүн деп жамай койгон нерсе эле. Сыртынан бириккендей көрүнгөнү менен, ичи ажырым. Ошон үчүн Кулов парламенттик башкарууну, Бакиев президенттик башкарууну жактап, ички күрөш жүрүп атпайбы.

Жогорку Кеңеш депутаты, жаңы конституция долбоорлорун даярдоо боюнча жумушчу топтун жетекчиси Азимбек Бекназаров долбоорлор Президенттин эмес, карапайым калктын кызыкчылыгын эске алуу менен жазылгандыгын эскертет:

-Биз Президенттин же башка чиновниктердин эмес, 3000ге жакын карапайым элдин пикирин айрыкча эске алуу менен ушул үч долбоорду жаздык. Элдин көпчүлүгү чиновниктер азайса экен, мамлекет менен өкмөттү бир эле киши башкарса туура болот эле деп жатышат. Ал эми эки долбоордо премьер-министрлик институттун алынып салынышы Бакиев-Кулов тандемине эч кандай терс таасир этпейт. Бакиев Президент болсо, Кулов вице-президент болуп иштей берет да.

Жогорку Кеңеш депутаты Азимбек Бекназаров ушул үч түрлүү конституция долбоорунун баары тең кабыл алынбай калышы мүмкүн эмес деп эсептейт:

- Эгер бул жолу да кабыл алынбай калса – анда ал Президент Бакиевдин Кыргызстан элин, дүйнөлүк коомчулукту кезектеги алдоосу болот.

Конституция долбоорун Жогорку Кеңеш аркылуу кабыл алыш керекпи же бүткүл элдик референдумга коёбу – бул маселени Президент ушул август айында чечиш керек.

XS
SM
MD
LG