Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:43

ХЕЗБУЛЛАНЫН ИЙГИЛИК СЫРЫ


Израил армиясы эң мыкты жабдылган күчтүү армиялардын бири деп саналат. Ошого карабастан, мына бир айга чукул убактан бери ал Түштүк Ливанда Хезбулла кыймылынын партизандык күчтөрүн жеңе албай, күндө чыгашага учуроодо. Хезбулла күчтөрүнүн мындай кабелтеңдигинин сыры эмнеде? Азаттыктын ушул жааттагы суроолоруна мурда Ливанда Бириккен Улуттардын көзөмөл аскерлеринин маалымат катчысы болгон Тимур Гөксел жооп берди.

-Хезбулланын 2-4миң чакты согушчаны кантип Израилдин 10 миң аскерине туруштук берип жатат? Израил армиясына Хезбулланын согушчандарын жеңүү эмне үчүн мынчалык кыйын болду?

-Булар Израил менен 18 жылдан бери согушуп келгенин унутпашыбыз керек. Алар израилдиктерди жакшы билишет. Өтө тажрыйбалуу, мыкты жабдылган партизандык армия. Анын үстүнө аларды жергиликтүү эл колдойт. Өздөрү да ошол жерлик. Ушунун баары кошулганда, Хезбулланы күчтүү армияга айландырууда.

-Согушта адатта биринчи кезекте душмандын командалык жана көзөмөл жүргүзүү дареметин нейтралдаштырганга аракет жасашат. Бирок Хезбулла дээрлик бир айдан бери Израилдин катуу бомбалоосунан анчейин жапа чеккени байкалбайт. Мунун сыры эмнеде?

-Алардын армиядагыдай иерархиясы же аскердик командачылыгы жок. Бейрутта бир жетекчиси бар, бирок майдандагы калган бөлүктөр өздөрү менен өздөрү. Аларга атайын байланыш каналдарынын кереги жок. Алар эч кимге отчет беришпейт. Жогортон буйрук күтпөйт. Өз ишин билишет. Булар – ар бирине 20дан ашпаган куралчан кирген чакан топтор. Алар өз алдынча жүрүшөт, азык-түлүк менен жабдууга муктаж эмес. Алар көз карандысыз. Ошондуктан аларды кармоо кыйын.

- Силер сүрөттөгөн уюштуруу ыкмасы жашыруун партизандык кыймылдарга мүнөздүү. Ал эми Хезбулла Ливандан 20 жылдан бери көрүнүктүү коомдук күч эмеспи. Кыймылдын структурасына кененирээк токтолсоңуз?

– Хезбулланын саясий жана коомдук канаты ачык аракеттенет. Бирок аскердик канаты өтө жашыруун уюм болуп саналат. Ал тургай Хезбулланын башка мүчөлөрү бул аскердик канатта кимдер бар экенин билишпейт. Алардын аскердик формасы жок, эч кандай базасы жок, курал сактаган жери жок. Өтө тымызын жүрүшөт, анткени өздөрүнүн аркасынан түшкөн Израилдин чалгын кызматынын күчүн билишет.

-Израилдин армиясы Хезбулланын жол башчысы Насралла шейхти жок кылууга далалаттанууда. Эгер ал өлтүрүлсө, Хезбулла чачырап кетеби?

- Эгер шейх Насралланын көзү өтсө, уюм бөлүнүп-жарылат болуш керек. Анткени азыркыдай кыйын кезеңде зор уюмдун социалдык, саясий, экономикалык, саясий жана аскерий чылбырын тегиз колго алып кете ала турган адамдын табылышы жеңил болбойт. Бул эч кимдин колунан келбейт. Хезбулланын өз ичинде да ар кыл агымдарды азыр Насралла тизгиндеп тургандыгы белгилүү. Менимче, бул агымдар кийин өз алдынча кетишет. Азырынча, Насралла аларды бириктирип, башкарып турат.

Жаңыл Жусубжан даярдады

XS
SM
MD
LG