Катардын тышкы иштер министри Шейк Хамад бин Жассим бин Жабр ал-Тхани Израилдин аскерлерин чыгаруу шарты кошумчаланбаса, азыркы калыбында резолюция Ливанга жакшылык алып келбейт деп айтты. Ливандын өкмөтү да резолюция Коопсуздук Кеңешинде колго салынаардан мурда ушул шартты киргизүүнү талап кылууда.
Араб өлкөлөрүнүн нааразылыгынан улам, Кошмо Штаттары менен Франция долбоорду кайра карап жаткандыгы кабарланууда. Резолюция эртең колго салынышы мүмкүн.
Арабдардын нааразылыгына үн кошкон Ливандын тышкы иштеринин милдетин аткаруучу Тарек Митри буларга токтолду:
– Израил Ливандагы аракеттерин коргонуу максаты менен гана түшүндүрүп келет. Израил Ливанда баштаган согуштардын бардыгын коргонуу максаты менен түшүндүргөн. Ушуну эске алганда, резолюция Ливанды Израилге көз карандылыкта калтырат.
Митри ошондой эле Израил Ливанда жүздөгөн карапайым адамдарды өлтүрүп, миңдеген киши жарадар болуп жатканда, четте карап турат деп Коопсуздук кеңешин айыптады:
- Мындан 27 күн мурда биз дароо элдешүүнү сунуш эткенбиз. 900дөн ашык кишинин өмүрү кыйыла электе биз дароо элдешели дегенбиз. 3 миңден ашык киши жарадар боло электе дароо элдешүүнү суранганбыз.
Буга жооп кылып, Израилдин БУУдагы элчиси Дан Гиллерман Хизбулла кыймылы атайылап, карапайым тургундарды калканч катары пайдаланып жатат деп айтты. Гиллерман ошондой эле Израил өзүн коргоого укугу бар экендигин белгилеп, Ливан менен согуш жер үчүн эмес, террористтерге байланыштуу болуп жатат деп ырастады.