Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:55

Казак оппозиция лидерин өлтүргөнүн мойнуна алган шектүү кылмышкер көрсөтмөсүнөн баш тартты


Талды-курганда өтүп жаткан сотто Ержан Утембаев Алтынбек Сарсенбаевди өлтүрдүм деп президент Назарбаевге кат жазганда акыл-эси толук ордунда болбогондугун билдирди.
Президент Назарбаев Сенат администрациясынын мурдагы жетекчиси Утембаевдин Сарсембаевди өлтүрүүгө буйрук бергем деп жазгандыгын айткан эле. Утембаев менен дагы тогуз мурдагы коопсуздук кызматкери Сарсенбаев менен катар дагы эки кишини өлтүргөн деп соттолууда. Оппозиция өкүлдөрү бул кылмыштын артында өлкөнүн мартабалуу жетекчилери турат деп ырастап келишет.

XS
SM
MD
LG