Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:51

ИЗРАИЛ АСКЕРЛЕРИ ЛИВАНДА ЖАҢЫ ИРИ ЧАБУУЛ БАШТАДЫ


Нарын АЙЫП, Прага Ливандын түштүгүндөгү куралдуу кагылышуу бир айдан бери уланууда. "Хезболла" уюмунун каршылыгы токтотула элек жани Израил аскерлери аймакта жаңы чабуул баштады.

9-августта таң эрте менен Израилдин Коопсуздук кабинети - Ливандын түштүк аймагында жаңы ири аскерий операция жүргүзүү боюнча чечим кабыл алды жана ошол эле күнү чабуул башталды. Жөөт аскерий жетекчилеринин пикиринде, эгер Ливандын түштүгүндөгү "Хезболла" уюмунун аскерий базалары жок кылынса жана аймак жакшы көзөмөлдөнсө, Израилге каршы ракета атуу аракеттери токтойт жана ошондо гана салыштырмалуу тынчтык орнойт.

Израил өкмөтүнүн айтымында, өлкө жетекчилиги аскер алдына - Литани дарыясына чейинки аймакты террорчулардан тазалоого бир ай убакыт берди. Дарыя жөөт чек арасынан 30 чакырым алыстыкта жайгашат. Буга чейин бир айдын ичинде Израил аскерлери Ливандын аймагына он чакырымдай алыс аймакка кирген жана азыр ал аймакта он миңдей жөөт аскери бар.

Айрым эксперттердин пикиринде, мындай жаңы чабул баштоо менен Израил эл аралык коомчулуктун катуу сынына калышы мүмкүн. Куралдуу кагылышуулар күчөшү менен аймакка эл аралык бейпилдик күчтөрүн киргизүү аракеттери кечеңдеши ыктымал жана Израил жетекчилиги - андай эл аралык чечимдер кабыл алынганга чейин өз максаттарына жетип алууга шашып жатат деген пикирлер бар.

Аны менен катар, өткөн бир айдын ичинде жөөт аскерлери - мурда пландалгандай ийгиликке жете алган жок жана ага карабастан жаңы кеңири чабуул баштоо менен алар өтө опурталдуу абалга кабылышы мүмкүн. Айрым кабарларга караганда, жалгыз эле 9-августта 15 жөөт аскери окко учту. Буга чейин бир айдын ичинде Израил тарабынан сексенге жакын аскер курман болгон.

Куралдуу кагылышуулар күчөгөнү менен Ливанга гуманитардык жардам көрсөтүү иштери татаалданды. Бириккен Улуттардын качкындар маселеси боюнча жогорку комиссары Антониу Гутерриштин айтымында, азыр Ливандын бир дагы аймагына гуманитардык жардам жеткирүү кооптуу эмес, ошондуктан андай аракеттер убактылуу токтотулду. Бириккен Улуттардын Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Бейруттагы өкүлү Робин Лождун айтымында, Литани дарыясында акыркы аман калган көпүрөнү жөөт аскерлери 7-августта бомбалап кыйратып салгандан кийин абал өтө начарлады:

"Литани дарыясындагы экинчи көпүрө жок кылынгандан кийин биз жапа чеккен аймактарга жардам жеткирүү үчүн эми жаңы жолдорду издеш керекпиз. Же болбосо көпүрөнү оңдош керек, бирок жөөт аскерлери аны кайрадан бомбалап салбайт деген кепилдик керек", - дейт Бириккен Улуттардын дипломаты.

Андан тышкары, басып алынган аймактарда Израил түнкү тартип киргизди жана кечки саат жетиден кийин ал аймактарда бир да машине жүрбөш керек.

XS
SM
MD
LG