Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:00

10-АВГУСТ : ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


1853-жылдын 10-августу менен катталган Ормон хан менен Үмөтаалынын каты орус приставы Перемышльскийге жолдонгон. 1916-жылдын 10-августунда орус аскерлери 100 чамалуу козголоңчуларды кырышып, көптөгөн адамдарды камакка алышкан.

1853-жылдын 10-августу менен катталган Ормон хан менен Үмөтаалынын каты орус приставы Перемышльскийге жолдонгон. Катта орус бийлиги Ормон ханды чакыргандыгы үчүн ыраазычылык билдирилет. Ал орустардын чакырыгын кабыл албагандыгын, Пишпектеги Кокон хандыгынын өкүлчүлүгүнөн орустарга каршы согушуу туурасында кабар келгендигине байланыштуу экендигин түшүндүргөн. «Эгер, мен же менин уулум Сизди көздөй кетсек, анда Ормондун оруска кирип кеткенин угушат да, дароо кол салып, элди бүлдүрүп чаап алышат, мына ушундан чочудук»,- деп жазат Ормон хан.

1911-жылы Бедел ашуусундагы кыргыз-кытай чекарасын тактоого жиберилген поручик-картограф Ледомской, жергиликтүү кыргыздар Чоңтерек капчыгайынын кимге караштуу экендигинен беймаалым экендигин кабарлаган. Анын 10-августтагы маалыматына ылайык Чоңтерек капчыгайында жайкысын кытайлык кыргыздар орун алышып, кышкысын кээде Үзңнгү кууш аркылуу орустар менен кыргыздар келишкен.

1916-жылдын бу күнү Карабалта, Байкөчө, Талдыбулак, Бакин, Өтөгөн, Жамансарт, Түлөберди болуштуктарында тартипсиздик башталгандыгы туурасында кабар тараган. Пишпек уезддик начальнигинин көрсөтмөсүнө караганда Белогорка кыштагынын участкалык приставы, көзөмөлчүсү жана катчылары өлтүрүлгөн.

1916-жылдын 10-августунда Сокулук суусунун жогорку агымында орун алган Белогорка кыштагына волость башчысы, волосттук катчы сакчы аскерлер менен келишип, айылдыктарга согушка минилчү жылкы алына тургандыгын билдиришкен. Мындай кабар болуштук калкына чагылгандай тарап, Токто жана Чыны айылдарынын адамдары бийликке каршы козголушкан.

Жетисуу областтык аскер-губернаторунун Куропаткинге жолдогон телеграммасында, Пишпек уезддик начальниги менен Токмок участкалык приставдары биргелешип көтөрүлүшчүлөргө каршы чечкиндүү аракет көрүп башташкан. 1916-жылдын 10-августтунда алар 30 аскер менен 100 чамалуу козголоңчуларды кырышып, көптөгөн адамдарды камакка алышкан.

Бу күнү, 843-жылы Верден келишимине ылайык Улуу Карлдын империясы үчкө бөлүнүп, 1539-жылы Францияда француз тили латынчанын ордуна мамлекеттик тил статусун алып, 1794-жылы немец агартуучусу, иудаизм коомунун негиз салуучусу Леопольд Цунц, 1839-жылы фотоэффект законун ачкан орус физиги Александр Столетов, 1845-жылы казак акыны Абай Кунанбаев, 1902-жылы швед биохимиги, Нобель сыйлыгынын лауреаты Арне Тизелиус, 1916-жылы акын Камчы Жунусов жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG