Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Февраль, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 05:46

ЖАЛАЛАБАТ : ДИНИЙ ЭКСТРЕМИЗМ КАЙДАН ТАМЫР АЛЫП ЧЫГУУДА?


9-августта Жалалабатта «Ата журтубуздун бейпилдиги –күчүбүздүн биримдигинде» аттуу тегерек үстөл талкуусу болуп өттү. Аталган талкууну облустук бийликтин маалымат кызматы уюштурду. Анда террорчулук менен диний экстремизмдин келип чыгуу себептери жана мамлекеттин келечегине коркунуч туудурган жагдайлардын алдын алуу жолдору талкууланды.Талкууда диний уюмдардын иш-аракети менен коопсуздук маселесине коомчулук анча көңүл бөлбөй жатканы белгиленди.

Талкууда белгиленгендей, облуста коомдук терроризм жана диний экстремизм маселеси курч бойдон турат. Коопсуздукту камсыз кылууда коомчулук менен мамлекеттик бийлик жана күч уюмдарынын иш-аракеттери жетишсиз болууда. Улуттук идеологиянын жоктугу менен чек аранын толук көзөмөлгө алынбаганы соңку айларда куралдуу топтордун кирип келишине өбөлгө түздү. Ардагер Султан Жамашевдин айтымында дин уюмдарына көзөмөлдүн жоктугунан жоокесептер менен диний экстремисттердин тамыры тереңдеп кетти:

- Динге үгүттөгөн дааватчылар тоо айылдарына да жайылды. Окуусун таштап, мечитке чуркаган балдарга ата-энелер көңүл бурбай калды - дейт карыя.

Жалалабат шаарынын тургуну Кыял Жумабаеванын байкоосу боюнча орто мектептер менен жогорку окуу жайларында диний туура тарбиянын жоктугунан жаштар экстремисттик уюмдарды даана ажырата алышпайт:

- Мугалимдер мектептерге жана жогорку окуу жайларга исламды туура үйрөтүү боюнча предмет киргизсекпи дегенбиз.

Адилет башкармасынын маалыматына караганда облуста 541 мечит-медресе болгону менен алардын 51и гана расмий каттоодон өткөн. Мечиттердин басымдуу бөлүгү эгемендиктин доорунда курулган. Коомчулукту кыйла жашыруун уюмдар көбөйгөнү, мектептерге караганда мечиттердин ыкчам өсүп жатканы тынчсыздантканы менен аларды күч менен каттоого башкармалык укуксуз. Салыштырып айтканда мурдагы Түштүк Кыргызстанда үч эле мечит болгон. Жалалабат облус болуп жаралгандан бери дубанда 451 мектеп иштеп жатат.

Тегерек үстөлдө баяндама жасаган губернатор Искендербек Айдаралиевдин сөзүнө ылайык диний экстремисттик жашыруун агымдардын жайылып баратканы эл тарабынан өз учурунда айтылып келген. Бирок, расмий уюмдар бул көрүнүшкө жеткилең маани беришкен эмес. Аны өткөн айда Жалалабатта, 6-августта Ошто өткөрүлгөн атайын операциялар маалында Өзбекстан Ислам Кыймылынын мүчөлөрү деп шектелген адамдардын жок кылынышы далилдеп койду.

- Чет элден каржыланган курал жарактуу террорчулар менен саясатын тымызын жайылтып жаткан экстремисттердин алдында материалдык-техникалык базасы начар күч уюмдары алсыз болуп жатат. Дин эркиндигин тескеген мыйзам кабыл алып, диний экстремизмге каршы мамлекеттик деңгээлде иш жүргүзүү керек, - деп эсептейт губернатор Искендер Айдаралиев.

Бирок, мамлекеттин келечегине шек туудурган жашыруун топторго каршы күрөшүү улуттук коопсуздук же күч уюмдарынын гана иши эмес. Облустук улуттук коопсуздук башкармасынын жетекчиси Равшан Балтабаевдин сунушу боюнча коомчулук менен биргеликте тармактык бардык мекемелер чогуу кызматташканда гана кырдаал жеңилдейт:

- Ички иштер министрлиги, прокуратура, хазият, окуучулар, жаштар менен комплекстүү иш жүргүзсөк, ошондо биз азыркы курч абалды бир аз жеңилдетсек болот деп ойлойм. Анткени абал ушунчалык тереңдеп кеткен.

Өзбекстан менен Тажикстандагы, Бишкек менен Ош шаарларындагы мурдагы жардырууларга тиешеси бар делинип, издөөдө жүргөн террордук топтун мүчөлөрү июль-август айларында өлтүрүлдү. Бирок, алар Кыргызстандын аймагына кайдан жана кайсы чек аралардан өтүп келишти деген суроону Шамалдуусай чек ара отрядынын командиринин орунбасары Бакыт Мазенов жоопсуз калтырды:

- Контрабанда проблемасы Кыргызстан үчүн эле эмес, Орто Азия боюнча проблема. Бул бир гана чегаранын, же мамлекеттин алсыздыгы деген мен алысмын.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG