Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:09

БИШКЕК ВАШИНГТОНГО САЯСАТ СААТЫН ТУУРАЛАЙБЫ?


АКШнын мамлекеттик катчысынын Чыгыш Азия жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Ричард Баучер бүгүн Кыргызстандагы иш сапарын баштады. Бүгүн түштөн кийин ал Кыргызстандын тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташуу маселесин талкуулады. Сүйлөшүүлөр башында Аликбек Жекшенкулов кыргыз-америка кызматташуусу уланып жатканын белгилесе, Ричард Баучер өз кезегинде АКШ Кыргызстан менен ар тараптуу кызматташууларды өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгилеп, «Манас» аба майданында жайгашкан америкалык аскерий база Ооганстандагы өз функциясын аткарып жатканын билдирди. Ричард Баучер тышкы иштер министри менен сүйлөшүүдөн кийин өкмөт башчы Феликс Кулов, 11-августа президент Курманбек Бакиев менен жолугушмакчы.

Байкоочулардын баамында, Вашингтондун жогорку даражалуу өкүлү менен кыргыз жетекчилеринин жолугушуу маалында эки өлкөнүн ортосунда дипломаттардын айланасында болуп аткан жаңжалдуу маселелер да талкууланбай койбойт. Элчилик эржеден четтеп Кыргызстандын ички ишине мыйзамсыз кийлигишти деген негизде мындан бир айча мурун расмий Бишкек эки америкалык дипломатты өлкөдөн чыгарып салган. Ага жооп кылып жакында Вашингтон кыргызстандык эки дипломатка бир ай ичинде АКШдан чыгып кетүү жөнүндө талап койгон. Мындан сырткары, адам укуктарын сактоого, демократияны, басма сөз эркиндигин өнүктүрүүгө, бейөкмөт уюмдардын ишине тоскоолдуктарды четтетүү сыяктуу маселелердин айланасында кызуу сөз чыгышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG