Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:50

ВАШИНГТОН - БИШКЕК : ДИПЛОМАТИЯЛЫК ЖАҢЖАЛДЫН КЫЗЫГЫ ТАРКАДЫБЫ?


Аманбек Жапаров,Бишкек Кечээ 10-августта АКШнын Мамлекеттик катчысынын Чыгыш Азия жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Ричард Баучер өкмөт башчысы Феликс Кулов жана Кыргызстандын тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов менен жолугушту. Анда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү, дипломатиялык мамилелер, Манастагы авиабазанын тегерегиндеги маселелер талкууланды.

Тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов Ричард Баучер менен болгон жолугушуу ийгиликтүү болгондугун билдирди. Анын айтымында эки тараптуу сүйлөшүүдө негизинен террорчулукка каршы күрөшүү боюнча кызматташуу, баңги заттарын ташууга бөгөт коюу, гуманитардык жардам берүү, экономикалык маселелер талкууланганын билдирди.

- Дипломатиялык жаңжал бүттү деп эсептейбиз. Баучер америкалык тарап бул маселе боюнча башка чара көрүлбөйт деп айтты,- деди Аликбек Жекшенкулов.

Тышкы иштер министри Баучер менен Манастагы америкалык авиабаза боюнча да сүйлөшүүлөр болгон.

-Биз коалициянын операцияларын жүргүзүү багытында авиабазаны мындан ары колдонуу келишимине жетиштик. Өткөн айдагы келишимдерге ылайык АКШ тарап өзүнө тиешелүү милдеттерди аткарат. Биз күйүүчү майды ташып жеткирүү жана террорчулукка каршы күрөшүү боюнча кызматташуу жөнүндө талкууну улантабыз, - деп билдирди Ричард Баучер.

Ал эми укук коргоо органдары тарабынан өзбекстандык 5 атуулду өз өлкөсүнө кайтарып берүүсү тууралуу Мамлекеттик департаменттин өкүлү «Кыргызстан бул маселе боюнча иштин чоо жайын аныктап, эл аралык нормаларга ылайык иш жүргүзөт деп ойлой» турганын белгиледи.

Ал кечке маал өкмөт башчысы Феликс Кулов менен жолугушту. Өз сөзүндө Кулов кыргыз-америка байланыштары илгери адымдап, өрчүп баратканын, көптөгөн маселелерге түшүнүшүп мамилелешкенин айтты. Ал эми Баучер премьер-министр менен жолугушууга ыраазы болгонун билдирди.

АКШнын Мамлекеттик катчысынын орун басарынын келиши Кыргызстан үчүн өтө пайдалуу дейт мурдагы Тышкы иштер министри Роза Отунбаева:

-Баучер мырзанын азыркы келиши ушундай бир принципалдуу. Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы мамилелерге абдан чоң таасир эте турган жолугушуу.

Бүгүн Мамлекеттик департаменттин өкүлү президент Курманбек Бакиев жана саясий партиялардын өкүлдөрү менен жолугушуусу күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG