Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:02

КЫРГЫЗ-АМЕРИКА МАМИЛЕСИНЕН АЛА БУЛУТ КЕТТИБИ?


10-11-августа Кыргызстанда АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Ричард Баучер болуп кетти. Ал өз сапарынын максатын «акыркы мезгилде эки мамлекеттин ортосунда пайда болгон кыйынчылыктарды жоюу жана келечекте андайларга жол бербеш экенин» белгилеп кетти. Бул сапарда чын эле эки мамлекеттин ортосундагы түшүнбөстүктөр четтетилдиби? Же ишенбөөчүлүктүн үрөнү дале сакталып калдыбы?

Кыргыз-америка мамилесинде түшүнбөстүк мурунку президент Аскар Акаевдин тушунда эле өр алып, бирок ал март ыңкылабынын шарапаты менен жолго салынат деген ишенич пайда болгон. Өткөн жылы Шанхай кызматташуу уюмунун Астанадагы саммитинде Кыргызстандагы АКШ базасын чыгаруу мөөнөтүн тактоо тууралуу чечимдин кабыл алынышы андай үмүттү өчүрүп, бара-бара кыргыз-америка мамилесиндеги маселени ого бетер күчөттү. Ага ыңкылаптан кийин Кыргызстандын жаңы бийлигинин Москвага ого бетер ыкташы, "Манасты" ижарага берүүдө мамлекеттин экономикалык кызыкчылыгын алдыга коюшу өз таасирин тийгизди. Бул жараян акыры келип, эки мамлекетти өз ара дипломаттарды айдап чыгуу деңгээлине жеткирди.

Мына ушундай чатактарды жөнгөрүү жана эки мамлекеттин мамилесин өнүктүрүү максатында келген Ричард Баучер Бишкекте тышкы иштер министри, өкмөт башчы жана президент менен жолугушту. Жекшенкулов менен Ричард Баучер дипломаттык чатакка чекит коюлганын белгилешти.
Бирок, ушуну менен кыргыз-америка мамилесиндеги түшүнбөстүктөр жоюлдубу? Бул суроого белгилүү дипломат, Демократиялык күчтөрдүн биримдиги партиясынын лидерлеринин бири Бакыт Бешимов мындайча жооп берди:

- Менимче бул башталышы. Сүйлөшүүлөрдүн мазмунуна карасак, анда айтылууда: Жакшы жолго чыктык. Эми тил табышып туруп, кыргыз-америка мамилесин оң жолго салууну ойлондук. Ортобузда орчундуу, курч маселелер бар. Бирок, эки тарап биргелешип киришсек аларды чечебиз, деп атат. Ошондуктан, бул башталышы. Мамилени оңдоо үчүн кыргыз тараптан көп аракет талап кылынат.

Ал эми «Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясынын башчысы Эдил Байсаловдун бул маселе боюнча пикири мындай:

-Жекшенкулов менен Баучер жолугушканда чатак бүттү, эми башка кайталанбайт деп айтышты. Менин оюмча кыргыз-америка мамилесиндеги маселе муну менен эле жөнөкөй чечилип калбайт. Мындан кийин да эки тарап тең бири-бирин аңдып турат. Өзгөчө АКШ бийлиги биздин мамлекеттин саясаты кайсы багытка өнүгөөрүн дыкаттык менен карап турат.

Азыркы мезгилдеги Кыргызстандын тышкы саясатындагы ири мамлекет менен мамилесиндеги татаалчылык Россия менен Кытайдын күчөп, ошол эле мезгилде АКШнын 1990-жылдардагы чексиз таасиринин төмөндөшүнөн келип чыгууда. Бул ири мамлекеттердин Борбор Азия регионун, анын ичинде Кыргызстанды өз кызыкчылыгында калтыруу далаалаты, ал үчүн эрегишип күрөшүүсү менен коштолууда. Мындай шартта Кыргызстан кандай саясат жүргүзгөнү максатка ылайыктуу? Бакыт Бешимовдун пикиринде мындай шартта кайсы бир ири мамлекеттин этегин кармап кетпей, ар бир ири мамлекет менен өзүнчө мамиле түзүү максатка ылайыктуу:

-Америка менен өзгөчө, Россия менен өзгөчө мамилебиз бар. Бул мамилелерди өз ара аралаштырып, байланыштырганбыз туура эмес. Америка менен Россиянын ортосунда учурда убактылуу карама-каршылык пайда болуп турат. Ал убактылуу. Бирок, алар тил табышат. Анткени алардын алыскы кызыкчылыгы бир. АКШ Кытай менен да тил табышат. Себеби, Кытайдын Ички дүн продуктысынын 60 пайызы АКШга жөнөткөн экспортуна байланышкан. Анан кантип Кытай АКШга каршы чыксын. Ошондуктан биз ошондой чоң оюндардын курмандыгына айланып кетпеш үчүн, өзүбүз ар бир ири мамлекеттер менен, өзгөчө АКШ сыяктуу жалгыз супер держава менен мазмундуу, акылмандык менен саясатты түзүп алышыбыз керек.

Айданбек Акматов, Бишкек

XS
SM
MD
LG